Медресенин эшиги 9-классты бүткөн гана балдарга ачык

Булан институту мектеп жашындагы балдар медреседе эмес, мектепте окушу керектиги тууралуу көп ирет мамлекеттик органдардын кызматкерлери, диний кызматкерлер, эксперттер менен талкууларды уюштуруп келүүдө. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү жана аалымдар кеңешинин мүчөлөрү балдар медреседе кайсы классты аяктагандан кийин окуй алышаарын жана бирдиктүү окуу программасы кандай болору тууралуу айтып беришти.

Негизи Кыргызстанда мыйзам боюнча медресеге 9-классты бүткөн гана балдар кабыл алынышы керек. Ар бир бала мектепте 9-класска чейин милдеттүү түрдө окушу керек, эгер окубай калса ата-энеге карата да мыйзамда административдик чаралар каралган. Бирок айрым учурларда медреселерде жашы жете элек балдарды да көрүүгө болот. Медресе мүдүрлөрү мектептен кийин кружокко келип атышат деп шылтоологон учурлар бар. Бул боюнча Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн адиси Орозали Адранов медреселер дайым текшерилип, канча окуучу бар, кайсы мугалимдери бар дегендин баардыгы көзөмөлдө болуп тураарын билдирди.

О.Адрановдун айтымында жаш балдар ошол медресеге келип, балким 1-2 саат сабак алып кайра үйүнө кетсе, Муфтият ага эч нерсе дей албайт экен. Медреселерди текшерип барган учурларда жашы жете элек балдар окуп жатканын көрүшкөн эместигин айтат. Бирок, эркин сабак учуру деп туруп, балдар кружок сыяктуу 1-2 саат келген учурлар бар экен. Бирок жаш жеткинчекти мектептен алаксытуунун кажети барбы, 9-классты аяктагандан кийин кааласа медресеге барсын да деген ой келет.

“Азыркы медреселерде көбүнчөсү фих илимин, шарият илимдерин окутушат жана акыйда Алла Тааланын жалгыздыгын таануу илимин, араб тилин үйрөтүшөт. Андан сырткары адеп-ахлак китептеринен да. Мына ушул сабактар киргизилген. Бирок светтик илимдер боюнча кээ бир диний окуу жайларда, баарында эмес, мүмкүнчүлүгү барлар, география, тарых сабактарын окутуп жатышат”, – дейт Адранов.

Ал эми медреселерге бирдиктүү окуу программаны Аалымдар кеңеши бекитип берет. Бирок ата-энелер ошол бирдиктүү окуу программаны гана окуткан медресеге балдарын окутушу керек. Ал окуу программаны сактабаган медресе демек муфтиятка баш ийбейт, мыйзамсыз деп айтууга болот. Андыктан ата-энелер медресени тандаганда сак болушу керек. Муфтият окуу бөлүмдүн мүчөлөрүн медреселерди текшерүүгө бүт региондорго жиберип турушат, бирок кыдырганда журналисттерди жана бейөкмөт уюмдарды да кошуп алып турушса ачык-айкындуулук болмок. Адатта муфтият андай текшерүүлөргө журналисттерди кошушпайт.

Бул жерде Аалымдар кеңешинин ролу абдан зор. Аалымдар кеңеши кырдаалды көзөмөлгө алып, медреселерди оңдогонго жардам бериши керек. Аалымдар кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев  “Ал  жерде  күч  колдонуу  барбы, программа менен окуу жүрүп жатабы, тазалык кандай деп текшерип турабыз. Эгер ошол жагынан кемчилик болгон болсо же радикалдуулук, биздин салттуу исламдын ханафий мазхабынын негизинде эмес окутуп жаткан медреселер болсо Муфтиятка сунуш берип жаптырганга аракет кылабыз”, – деди.

Марс Ибраевдин айтымында, 9-класска чейинки жаш балдар мектептен сырткаркы бош убактыларында компьютердик оюндарга кетип калбашы үчүн, кээси көчөдөн-көчөгө жүрө турган абалга келип калбаш үчүн, ата-эне да тынчсызданып, жумушта кечке болуп, бала жалгыз калбасын, сабактан кийин барып 1-2 саат ыйман сабагын, куран жаттап келсин деген нерсеге уруксаат берип, кол коюп, тил кат берген болсо, бул мечиттерде, медреселерде уруксаат берилген көрүнүш экендигин айтты. Ал эми жашы жете элек баланы медресеге жаткырып, биротоло окууга кирги-зип алуу мыйзам уруксат бербеген көрүнүш экендигин баса белгиледи.

“Адам баласында табият маселеси бар эмес пи, ишеним маселесин адам өзү ойлоп тапкан эмес, ал Кудай Тааланын берген нерсеси. Бүгүнкү күндө кээ бир нерселерди бирин-экин мисалдар, бирин-экин окуялар менен жалпылаштырып отуруп, элдин арасында коркунуч туудура турган абалга алып келип коюп атабыз. Мисалы, момундай нерсе болуптур, диндар инсандар радикалдашып бара жатат деп. Ошол эле учурда светтик радикалдашып бара жаткан инсандарды, топторду эстен чыгарбашыбыз керек. Таптакыр ишенимине урмат-сый көрсөтпөгөн, демократиялык коомдо жашап жатабыз, силер мындайсыңар деп жекип келген саясатты дагы көрүп калып атабыз. Ошон үчүн мен ойлойм, туура, бала билим берүү учурунда мектептен сабак алышы керек. Ага эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Жума намазга кетип аткан болсо кандайдыр бир деңгээлде көзөмөлгө алуу керек.

Бирок, бул нерсеге мектеп уруксаат бербей жаткан болсо, ата-эне менен отуруп сүйлөшүп, тартипке келтире турган жагы деле көп. Эч качан муфтияттагылар, диний тараптагылар деле жаш балдарга мектепте окубай, мечитке бара бергиле деген саясат жүргүзбөйт. Мектептен чыгып медресеге окугула деген да саясат жок”, – дейт М.Ибраев.

Тиленбек АЗЫК