Бакыт ШАРШЕМБИЕВ: «Айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Бир нече жылдан бери күттүргөн «Коопсуз шаар» долбоорунун алгачкы ишке ашырылышы Бишкек шаарында өткөн жылдын 27-декабрында башталган. Анда Бөкөнбаев – Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишине, ага улай эле Аламүдүн районунун Лебединовка айылынын 7,6 жана 10 чакырымдарына аппараттык-программалык комплексттер орнотулган. Ал эми 29-декабрда Байтик Баатыр жана Манас көчөлөрүнө коюлду. Учурда бул комплекстер тесттик режимде иштөөдө. Ал эми долбоордун алгачкы этабынын биринчи фазасы ушул жылдын 12-февралында ишке берилет. Коомчулук долбоордун кеңири масштабда турмушка ашырылып кетишин чыдамсыздык менен күтүп жатканы жөндүү иш. Анткени, күн сайын жол кырсыгы катталып, адам өмүрү кыйылган, жаракат алган окуялар кыскарбай жатат. Ушуга байланыштуу маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен кабарчыбыз маек курган.

– Бакыт Нуржанович, «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын биринчи фазасы пландалган мөөнөтүндө ишке киргизилгени жатабы?

– Өткөн жылы «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыра турган компанияларды тандоо конкурсу аяктагандан кийин биз дароо эле алгачкы этаптын 1-фазасын ишке киргизүү үчүн даярдыктарды көрө баштаганбыз. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын 10 көчөсүнүн кесилишине орнотулуучу монтаждык жумуштарга керектүү жабдуулар толугу менен жеткирилди. Андан тышкары, ылдамдыкты көзөмөлгө ала турган 17 чектин жана 20 мобилдик көчмө аппараттык-программалык комплекстер менен камсыздалды. Мына ушул сыяктуу дагы бир топ даярдыктар көрүлүп бүтүп калды. Буюрса, «Коопсуз шаар» долбоорун 2019-жылдын 12-февралынан баштап кеңири масштаб-да ишке киргизебиз. Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашырууга тиешелүү бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери катышкан жыйын өткөрдү. Жыйында даярдык көрүү 100 пайызга аткарылганы боюнча отчет бердик. Өкмөт башчы баарыбыздын пикирибизди уккандан кийин бир нече тапшырмаларды берди. Анткени, азыркы учурда биз даяр болгонубуз менен ага айдоочулар даяр эмес. Ошол себептүү жол эрежелери боюнча 1 ай-лык мөөнөттө түшүндүрүү иштерин кеңири жайылтуубуз керек. Жол эрежесин бузуулар кандай каттала турганын, ага айыппул салуунун тартиби, аны төлөө боюнча тейлөө пункттарынын даярдыгы сыяктуу иштерди аткаруу улантылат.

–  Түшүндүрүү  иштерин  кандай жагдайда өткөрөлү деп жатасыздар?

–  Жаңы  роликтерди  тарттырып  жа-табыз. Буюрса, алар жакында даяр болуп калат.  Роликтер  аркылуу  элге  телеканалдардан түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштайбыз. Азыркы учурда биз айыппул салуунун мөөнөтүн бир айга узартуу боюнча «Вега» радиокурулуш концерни менен сүйлөшүүнү баштадык. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жыл башында киргизилген жаңы кодекстер боюнча талкуу азыркыга чейин уланып жатат. Ушуга байланыштуу техникалык жактан биз 12-февралдан баштап даяр болгонубуз менен, жол эрежесин сактабагандарга айыппулдарды салып баштоону 12-февралдан ары жылдыруу керек болууда. Түшүндүрүү  иштери  интернет  булактарында  да жүргүзүлмөкчү.

Роликтерди тартыруу кайсы органга жүктөлгөн?

– Маалымат технологиялары жана байланыш комитети ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте роликтерге буйрутма берген. Ал роликтерди мамлекеттик телеканалдар тартып жатышат. «Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи этабынын биринчи фазасына 110 аппараттыкпрограммалык комплекстер орнотулушу керек болсо, бүгүнкү күндө алардын 47си коюлуп, учурда 45 пайыз иш аткарылды.

–  Долбоордун  экинчи  этабына даярдыктар жүргүзүлүп жатабы?

– Ооба, экинчи этаптын техникалык-экономикалык негиздемелери даяр. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 300гө жакын пунктка жабдууларды орнотуу зарылдыгы аныкталган. Ал боюнча жергиликтүү органдар менен макулдашылды. Жакында тендер өткөрүүнүн мөөнөтү боюнча чечим кабыл алабыз. Экинчи этапта дагы 80 көчөнүн кесилиштерине жабдуулар орнотулмакчы.

– Айып пулдарды төлөө кандай тартипте жүргүзүлөт?

–  Айып  пулдарды  төлөө  мурдагыдай эле почта түйүндөрү, терминалдар аркылуу жүргүзүлө берет. Жарандарыбыз төлөө жүргүзүүнүн электрондук капчыгын да пайдалана башташты. Эң башкысы, автоинспектордун да, айдоочунун да жоопкерчилигин күчөтүүнү, айыппулду администрлөөнү бир кылка жолго коюп алуу зарыл. Камералар автоунаалардын  светофордун  жарыгына баш ийбей өтүүсүн, жол кыймылынын бет маңдайына чыгуусун, тротуарга, газонго, жөө адамдар баскан жерге, велосипеддин жолуна чыгуусун, ылдамдык эрежесин сактабоону, жөө адамдарды өткөрбөөнү, аялдамада токтоо эрежесин бузгандарды көзөмөлгө алат.