Бишкекте балдарды ар тараптуу өнүктүрүүнүн жолдору талкууланат

“Данакер” үй – бүлөнү бекемдөө  коомдук фонду “Дил азык” басма үйү менен өнөктөштүктө ЖИА Бизнес ассоциациясынын колдоосу менен бүгүн  саат 10:00дө Green City мейманканасында «Кыргызстанда кенже курактагы балдарды ар тараптуу өнүктүрүү» темасындагы тегерек стол болот. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Билим берүү жана илим министри, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, билим тармагында көп тажрыйбасы бар коомдук ишмер Камила Шаршекеева катышат.

Иш — чаранын максаты Кыргызстандын билим берүү системасынын мектепке чейинки тарбиясында Монтессори педагогикасын кеңири жайылтуу болуп саналат.