Январь жылуу болду, февралчы?

Быйылкы кыш мезгили салыштырмалуу жылуу. Ал отуну жок, мүшөктөп көмүр алып жанын баккан бей-бечаралар, базарларда темир чатырлуу контейнерлерде соода-сатык менен тиричилигин өткөргөндөр үчүн жакшы эле болгондой.

Деген менен аба ырайынын мындай жылуу болушу тууралуу “быйылкы кыш мезгили жаздай эле болду, чилдеде жамгыр жаады, орустардын кышкы аязы жылуу аба ырайы менен коштолду” дешкендер да болду. Буга чейин адам баласы табияттын кубулуштарынын алдында алсыз деген түшүнүк менен жашап келсе, акыркы мезгилдерде табияттын кубулуштарын изилдеген илимдер буга карама-каршы ойду жаратты.

Климаттык циклдин өзгөрүүсүн же табигаттын кубулуштарынын катаалданышын абанын булганышы, технологиянын  бардык  тармак  боюнча  башаламан колдонулушу, кен байлыктарды казууда жер кыртышынын өзгөрүүгө дуушар болушу жана өндүрүү иштеринде уулуу зат калдыктардын бууланышы, бургулоо иштери, атомдук-электр станцияларын иштетүү, нефть, газ өндүргөн монополиялык өнөр жайлардан чыккан түтүндөр, артиллериялык аткылоо, анын ичинде биологиялык курал, ж.б. факторлор шарттайт.

Жер шарындагы жыл мезгилдеринин алмашуусу Жердин айлануусуна жараша болуп, Күн планетасынын алыстаганда аба ырайынын төмөндөшү, кыш мезгилинде Орто Азия чөлкөмү экватордон алыстаганда аба ырайы сууктаары, ал эми жамгырдын жана кардын жаашы жердеги суунун бууланышы менен шамалдын агымына байланыштуу болору белгилүү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометерология агенттигинин директорунун орун басары Асылкан Романкуловага аба ырайы тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылганыбызда, ал декабрь-январь айларында Кыргызстандын аймагына түштүк, түштүк-батыш тараптан аба агымынын келип жатканына байланыштуу көпчүлүк аймактарда жылуу аба ырайы байкалгандыгын, 1963, 1986, 2002 жана 2007-жылдарда январь айында абдан жылуу болуп абанын күндүзгү температурасы өрөөндөрдө 12-17 градус жылуулукка чейин жеткендигин, ошондой эле 1956 жана 1969-жылдары январь айында абдан суук болуп, дыйканчылык аймактарда абанын түнкү температурасы 28-32 градус суукка чейин төмөндөгөнүн билдирди.

Абанын айлык орточо температурасы 2018-жылдын декабрь айында Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында нормадан 1..1,5 градус жогору, 2019-жылдын январь айында дыйканчылык аймактарда нормадан 2-4 градус жогору болгону байкалгандыгын, тоолуу аймактарда абанын температурасы көп жылдык нормага жакын, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында нормадан 2-3 градус төмөн болгондугун айтты.

Ал эми февраль айынын башында туруксуз аба ырайы күтүлүп, 4-6-февралга чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы төмөндөшү күтүлөрүн, 6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15-20, күндүз 5-10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 8-13, күндүз 0-5, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 25-30, күндүз 12-17 градуска чейин, Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 7-12, батышында 13-18, күндүз 0-5, тоолуу райондордо түнкүсүн 30-35 градуска, күндүз 15-20 градуска чейин төмөндөшү болжолдонгонун маалымдады.