Кожомкулдун музейи ачылат

5-февралда Бишкек шаарында Кожомкул Каба уулунун музейи ачылганы турат.

Кожомкулдун чөбөрөсү Орозалы Жапар уулунун берген маалыматына таянсак, музей борбордогу Кожомкул атындагы спорт сарайында орун алат.

«Музейге чоң атамдын кийим-кечеси, үй-бүлөсүнө таандык идиш-аяктары жана архивдик сүрөттөрү коюлат», – дейт ал.

Кожомкул Каба уулу — кыргыздын айтылуу алп балбаны. Анын туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда төрөлгөн деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт.

Тарыхта балбан күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп алганы, Чүйдөн Суусамырга бара жаткан жолдо аты баспай калып, Төө-Ашуудан атын жонуна көтөрүп өткөнү айтылат.