«Кентавр» тасмасы кайрадан чоң экранда көрсөтүлө баштайт

Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришкендей, «Кентавр» тасмасы 28-февралдан тарта «Ала-Тоо» кинотеатрында көрсөтүлө баштайт.

Белгилей кетсек, аталган тасманын сценарийи режиссер Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаровго таандык.

Ошондой эле, «Кентавр» тасмасы 2017-жылы Бельгияда өткөн эл аралык MOOOV кинофестивалына катышып, мыкты фильм катары КАНВАС байгесин алган.