Ырчы, обончу Кубик КАЛЫКОВ: «2 гектар жер алдым, эми эгин айдайм»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


Бул жолу биз ырчы жана куудул Кубик Калыковго күтүүсүз коңгуроо кылдык. Байланышка чыкканыбызда, бала-бакчага небересин алып келгени кетип жатыптыр. Ошентсе дагы биз менен маек куруудан баш тарткан жок.

– Саламатсызбы байке, дал ушул учурда эмне кылып жатасыз?

– Неберемди садиктен алып келейин деп камынып жатам.

–  Таята  болгон,  небере  жытын жыттаган кандай экен?

– Небере ширин десе ишенчү эмесмин. Азыр менин эрмегим эле неберем. Эртең менен  бала-бакчага  алып  барам,  кечинде кайра алып келем. Үйгө келгенден кийин Даянга кошулуп алып ойнойм. Менин көңүлүмдү көтөргөн ошол неберем. Бир сөз менен айтканда жыргал. Бул жыргалды сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Аны таята, чоң ата болгондор, айттырбай эле түшүнсө керек.

– Акыркы кезде чыгармачылыктан алыстап кеткендейсиз…

– Мунун себеби, соңку жылдары кыз берип, уул үйлөдүм, куда тостум дегендей. Бул дагы өтө чоң жумуш. Башкача айтканда, аталык милдетимден кутулуп, парызымды аткарып жүрөм.

– Жакынкы күндөрү концерт берүү оюңузда барбы, же, 50гө чыктым, отчеттук концертимди бердим, болду деп жатасызбы?

– Кудайым насип кылса, 55 жашка чыкканда бир жакшы концерт берейин деп жатам. Башкача, өзгөчө форматта концерт берүүнү каалайм. Азыркы өтүп жаткан концерттерди көрүп көңүлүм толбойт, ичим чыкпайт. Ошондуктан, жөн эле акча таап алайын деп эмес, элибиз таң кала турган, күйөрмандардын эсинде кала турган, алар ыраазы боло турган концерттик программага даярдык көрүп жатам.

– Демек, жаңы ырлар жазылып жатыптыр да?

– Ооба, учурда белгилүү акын Бактыгүл Чотурованын калемине таандык бир ырга обон жазып жатам. Буюрса, жазга чейин жа-зып бүтүп, элге тартуу кылам деген оюм бар.

– “Толготуп” жүргөн турбайсызбы?

– Туура айтасың. Мен отура калып эле, обон жаза калуудан алысмын. Чыгарма жазып бүтүп, ырдай калган ырчыдан эмесмин. Андан сырткары, чыгарма толук бышып-жетилип, даяр болгондон кийин дагы, ишенген досторума, санаалаштарыма, устаттарыма уктуруп, алардын сынынан өткөрүп анан алып чыгам. Кыскасы, чыгарма шашылыш түрдө жаралбашы керек. Мисалы, Айпери экөөбүздүн “Насаат ыры” деген дуетибиздин музыкасы, 1 жыл дегенде жазылган.

– Кубик байке, биз сиздин ырчылык, куудулдук, тамадалык өнөрүңүздөн сырткары, багбанчылык кылганыңызды дагы билебиз. Алма-өрүктүн, жер-жемиштин түрүн өстүрөрүңүздү угуп жүрөбүз, ушул өнөрүңүз туу-ралуу өз оозуңуздан уксак…

– Үйдүн алдындагы огородго, өзүбүз жей турган, күнүмдүк турмушубузда керектей турган жер-жемиштин баарын айдаганга аракет кылабыз. Колдон келишинче базардан эч нерсе сатып албаганга тырышабыз. Эмнеге дегенде, өзүңүздөр көрүп жатасыздар, интернет булактарына баш баксаң үрөй учурган маалыматтарга ээ болосуң. Тамак-аш, азык-түлүктөргө кандай гана химикаттарды кошуп жасап жатышат. Ал нерсе адамдын ден соолугуна таасир этип, акыркы убактарда ооруган адамдар, оорукчан төрөлгөн ымыркайлар көбөйүүдө. Мына ошондуктан, өзүбүздүн ден соолугубузга өзүбүз кам көрбөсөк, башка эч ким башын оорут-пайт.  Азыр  бирөөгө  бирөө күйбөйт. Ушундай заманда оору-сыркоодон алыс боло-лу, узагыраак жашайлы, уулду уясына, кызды кыясына кондуралы,  небере-чөбүрө көрөлү  деп,  жеген  тамагыбызга астейдил мамиле жасап калдык.

–  Бир  жолу  теплица куруп жатканыңыз тууралуу окуп калдым эле.

–  Ооба,  үйдүн  жанына чакан теплица куруп алгам. Анын ичине жылуулукту сүйгөн жемиштерди өстүрүп, бир жылда бир эмес, 2-3 жолу түшүм жыйнап алабыз. Жа-кында 2 гектар жер алдым. Эми буюрса эгин айдайм.

– Жаз келсе, жарышты баштайм деп билек түрө  камынып  жаткан экенсиз. Кышында бош убакыт көбүрөөк болот  эмеспи,  андай-да эмне менен алектенесиз?

– Бала кезимден эле бош убактымды текке кетирбеген сапатым бар. Кечке уктап жатпайм дагы. Эрте жатам, эрте турам. Менин билгенимбоюнча, адамдын мээси түнкү саат 11ден 2ге чейин эле уктайт экен. Андыктан, туура уктап, туура тамактанууга далалат кылам. Үйдөгүлөрдү да ошого үндөйм. Кээде ар кандай болуп калат. Тойго барасың, үйүңө конок келет дегендей. Андайда айла жок кеч уктоого туура келет. Ал эми бош убакыт болгондо фитнес клубдарга барып, булчуңдарды чыңап турам. Анын үстүнө биздин жаш курак – ден соолукка кам көрүүнү талап кылып калат экен…