Кара-Көл шаарында жер титиреди

Бүгүн, 31-майдын түнүндө саат 02.16 чамасында Токтогул районунун аймагында жер титирөө катталды. Күчү 3 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу Кырбуу-Тоо кыркасында жайгашканын Сейсмология институту кабарлады.

Жер силкинүү күчү Кара-Көл шаарында 2,5 баллга сезилген.