ӨКМ: Жыл башынан бери 12 адам куткарылды

4-февраль күнү Нурболот Мирзахмедов жетекчилиги астында өлкөдөгү  өзгөчө кырдаалдар, алдын алуу, издеп-куткаруу аракеттери тууралуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматынан билдиришти. 

Жыйындын жүрүшүндө өрт коркунучун алдын алуу багытында калк арасында түшүндүрүү иш-чараларын улантууну, жаздын келиши менен болуп кетчү табигый кырсыктарды алдын алуу иш-аракеттерин ыкчам аткарууну тиешелүү түзүмдүк бөлүмдүн жана башкармалыктын  башчыларына  тапшырма берди.

“Өрттүн статистикасын карасак, быйыл январь айына карата өлкө аймагында 191 өрт катталса, өткөн жылы январь айы 421 өрт кырсыгы катталган, муну менен өрт 54,6%га кыскарган, ал эми материалдык чыгым 90% кыскарган. Бул демек башкармалыктар тарабынан калк арасында түшүндүрүү аракеттеринин да жыйынтыгы десем жаңылышпайм. Маселен, Чүй облусу боюнча башкармалыгы жакшы көрсөткүчтү көрсөтө алды: 2018-жылы 119 өрт катталса, быйыл январь айында 38 өрт катталган, муну менен 68,1 % га кыскарды.  Андыктан, калк арасында түшүндүрүү иш-аракеттерин күчөтүүнү талап кыламын”,- деди министр Н.Мирзахмедов.

Мындан тышкары министр жаз маалындагы күтүлүүчү табигый кырсыктарын алдын алуу аракеттерин ыкчам түрдө жүргүзүлүүсүн, калк арасында коопсуздук эрежелерин түшүндүрүүнү улантылышын  белгилеп өттү. 

Кошумча: 2019-жыл башынан бери  2 өзгөчө кырдаал катталган: катуу шамал жана ири жол кырсыгы, салыштырмалуу 2018-жылы 9 өзгөчө кырдаал катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2019-ж. 12 адам куткарылды, 2018-жылы 25 адам куткарылган.