Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Кубандырбаган статистика

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Улуттук статистика комитети өлкөнүн көмүскө экономикасынын көлөмү 125,2 миллиард сомду (же 1,8 миллиард доллар) түзгөнүн, бул ички дүң продуктынын 23,6%ына барабар экендигин билдирген.

Мунун өзү биздеги коррупциянын абалын да көргөзүп турат. Анткени, коррупция болгон жерде гана көмүскө экономика гүлдөй турганы – аксиома эмеспи. Азыркы учурда өлкөнүн жогорку бийлиги коррупция менен күрөштү өзүнүн ишмердигиндеги приоритеттүү багыт катары тандап алгандыгынын да себеби ушунда болсо керек.

Мурдагы бийликтегилердин баары убада беришкен, бирок, жеңмек тургай өздөрү аралашып кетишкен бул илдетти жеңе алсак, мамлекетибиз өнүгүп, элибиздин жашоосу алда канча жакшырмак.