Москвадагы катуу шамалдан каза болгондордун арасында КР жарандары жок

Москвадагы катуу шамалдан каза тапкандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда шамалдын кесепетинен келтирилген чыгымдар такталууда.

Эскерте кетсек, 29-май күнү Москвадагы нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон катуу шамал кеминде 11 адамдын өмүрүн алып, бир топ зыян алып келген. Жүздөгөн бак кулап, унаалар кыйрап, жол кыймылы токтогон.

Москвадагы катуу шамалдан каза болгондордун арасында КР жарандары жок: 1 комментарий

Комментарии запрещены.