Дин: байпагын башына, кийгендер менен баш кийимин бутуна кийгендер көбөйдү

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 3257 диний уюм КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өткөн. Мунун ичинен 2700ү ислам багытында. Мында исламий диний уюмдар эмнеге мынчалык көп деп таңгалуунун эч кандай кажети жок. Мечиттер, муфтият, казыят, исламий диний билим берүү мекемелеринин баары уюм катары катталышкан. 2700дүн 2600ү мечиттер, 107си медресе, 10у исламий жогорку окуу жайлары. Дин иштери боюнча мамкомиссиядан каттоодон өткөн диний уюмдардын 409у христиан уюмдары, алардын арасында лютеран, баптист, католик, Иегова күбөлөрү жана башкалар бар. Мындан тышкары бахаилердин 12 коому, бир будда жана ошончо эле еврей коому бар.

Бул диний уюмдардын арасынан “тынчы жоктору”, үйдөгү бала-чакасын унутуп коюп, өз көз караштарын, өз динин башкаларга таңуулагандар – дааватчылар менен Иегова күбөлөрү. Бири эшигиң такылдатып, үйүңө чейин кирип барып, алка-жакадан алып, келмеңди он кайталатса, бири жолдон кармап алып, колуңан сылап, ошол жолго түшсөң эле, Кудайга жакын болоруңду, буга чейин жасаган күнөөлөрүңө кечирим бериле турганын божурайт. Булардын кимиси туура, кимиси калп айтат, эч кандай комментарий бергибиз келбейт.

Болуптур дин уюмдары өз жолу менен болсун. Кыргызстанда 19 диний уюм сот тарабынан экстремисттик деп таанылып, ишмердигин жүргүзүүгө тыюу салынган. Биздин өлкөдө мыйзам чегинде тыюу салынган диний уюмдардын катарына: «Аль-Каида», «Талибан» кыймылы, «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы», «Күрд элдик конгресси», «Чыгыш Түркстанды бошотуу кыймылы», «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами», « Жихад жамааты», «Түркстан ислам партиясы» (Өзбекстан ислам кыймылы), «Жайшүль Махди», «Жундуль Халифат», «Ансаруллох», «Ат-Такфир Валь-Хиджра», Мундун бириктирүүчү чиркөөсү, «Акромия», Саентология чиркөөсү ж.б.лар кирет.

Бир жылдарда бул тыюу салынган диний  уюмдардын  айрымдары  “төрүбүзгө” чейин чыгып алып, бийлик адамдары менен коюн-колтук алышып кеткени эсибизде. “Төрүбүзгө” дегенибиз, 2006-жылы 22-июнда “Мундун бириктирүүчү чиркөөсүн” негиздеген Сан Мён Мун аялы менен келип, Кыргыз улуттук филармониясында аны пайгамбар деп таанып, окуусун кабыл алгандар менен жолугушуу өткөргөн. Бул жолугушууга кыргыздын ошол кездеги саясый элитасынын көрүнүктүү өкүлдөрү, депутаттар, академиктер, жогорку окуу жайларынын бир катар ректорлору, декандар, көрүнүктүү укук коргоочулар барып, Мундун аялынын этегинен өөп, ал берген суудан ичишкени али күнчө эсибизде турат. Көрсө, мындай ишаарат “Мундун окуусун тааныдым, динин кабыл алдым” дегенди билдирет экен. Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында жогорку деңгээлде кабыл алуу болгон.

Батукаевди бошотууга буту үзүлгөнчө чуркагандар Сан Мён Мундун Кыргызстандагы иш-чарасын уюштурууга да дал ошондой жүгүрүп жүрүшкөн. Эгер, ошол кездеги видеоархивдерди көтөрсөк, же басма сөздү карасак эле, Мундун жолун жолдоочулар кимдер экени ачыкка чыгып калат. Албетте, бүгүн алардын бири да бир кездеги жаш баланын жоругундай иш кылганын мойнуна албасы бышык.

Бизде «Хизб ут-Тахрир аль-Исламиге» тыюу салынганы менен, бул уюмдун жактоочулары да жок эмес. Алардын айрымдары учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары да болуп жүрүштү. Айтор, күч органдары коомго жана мамлекетке коога жана коркунуч келтирген тыюу салынган диний уюмдар менен канчалык аеосуз күрөшпөсүн, алар “кой терисин жамынган карышкырлардай” өз ишмердиктерин көрүнөө да, көмүскө да улантып келет. Болгондо да өз ишмердиктерин заманга ылайыкташтырып жүргүзүп, жаңы технологияларды пайдаланууда. Айтсак, УКМК жана ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери тыюу салынган материалдарды жайгаштырган 51 маалыматтык ресурсту табышкан. Сот 16 сайтты жабуу чечимин чыгарып, жакынкы эле мезгилдерде экстремисттик материалдарды тараткан 16 сайт, социалдык түйүндөрдөгү сегиз аккаунт жабылган.

Албетте, күч органдарынын бул иштери колдоого арзыйт, бирок ошол эле учурда Интернет сайттары ажыдаардын башы сыяктуу кубулуш экенин моюнга алууга туура келет. Ажыдаардын бир башын кыя чапканда, анын ордуна эки баш өсүп чыккандай, экстремисттик маалымат тараткан бир сайтты жапкан менен, анын ордуна жаңылары пайда болору, мунун өзү аларга каршы күрөшүүнү татаалданта турганы турулуу иш.

Диний уюмдардын жана диний жарандардын ишмердигинин багытын жана аңытын таанууда татаал жагдайлар көп. Кечээ жакында Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директору З.Эргешов бир мезгилдерде саентологдор уюму Кыргызстандан каттоодон өткөн, биз сот аркылуу алардын ишмердигине тыюу салалы дегенбиз, бирок иш сотко жеткен жок, алар өзүн өзү жойгон, бизде саентологдор жок деп билдирүү жасады. Анын айтымында бизде саентологияга тыюу салынбаптыр. Кызык, андай болгондо Гүльзат Мамытбек деген кыргыз кызы социалдык түйүндөгү баракчасында “Я МУСУЛЬМАНИН – САЕНТОЛОГ! Альхамдулиллах!” деп, эмне үчүн мусулман жана эмне үчүн саентолог экенине түшүндүрмө бергенин кайда жашырабыз? Биз жашырганча эле анысы кургак отундай маалымат мейкиндигинде дуу дей түштү го. Же аны таза саентолог эмес, ислам менен саентологиянын аралашмасы дейбизби? Биз анын ишенимине шек келтиргибиз да, же мусулман менен саентологдун кайнаса каны кошулбай турганына да түшүндүрмө бергибиз келбейт.

Кыргыздын кыздарынын арасында гана эмес, кыргыз жигиттеринин арасында саентологдор бар экени айтылып, алардын катарына белгилүү бир киночуну кошуп жүрүшөт. Киночу эле эмес, балким адабиятчылары деле бардыр. Алар ачык айтып мактанып, төшүн какмак беле. Демек, Кыргызстанда саентологдордун расмий уюму жок болсо да, саентологдор бар жана алар өз ишенимин жаап-жашырышпайт. Муну Дин иштери боюнча мамкомиссия билбегени кызык.

Анча болду, саентология тууралуу эки ооз сөз. Саентология психология, философия, оккультизм жана илимий фантастиканын аралашмасы. Аны көпчүлүк өлкөлөрдө жалган дин деп аташып, мыйзамсыз деп эсептешет. Бул агым америкалык жазуучу-фантаст Р.М.Хаббардга таандык. Саентологиянын артынан Хаббард оңбогондой байыган. Бизде саентология чиркөөсү 2001-жылы 31-январда ачылып, 2012-жылы каттоо күбөлүгү жокко чыгарылган. Саентология чиркөөсүнүн ишмердигине Австралия, Англия, Жаңы Зеландия, Греция, Россия, Казакстанда тыюу салынган.

Маселе, ким кайсы диндин же диний ишенимдин байпагын башына кийип, баш кийимин бутуна кийип алганында эмес, кеп кыргыз коомунун динге болгон мамилесинде, диний таанымында. Диний сабаттуулукта. Биздин коомдун шору мына ушунда. Диний экстремисттик уюмдарга азгырылып, көзү тумандап калгандардын көбү диний сабатсыздар жана алсыздар экени эч кимге талашсыз. Акыркы бир жылда Сирия, Ооганстан жана Пакистан сыяктуу куралчан кагылыштар болуп жаткан жактарга кыргызстандыктардын жөнөтүлгөн фактысы катталбаса да, тилекке каршы террористтердин жана экстремисттердин катары бала төрөп, эне болуп үйдө отура турган аялдар менен толукталып жатканы коомду кооптондуруучу маселе. Аялдар эркектер менен тең катар эле радикалдык идеяларды үгүттөп, аял топторун түзүп жатканы, экстремисттик уюмдардын 7,4%ын аялдар түзөрү кыргыз аялынын облиги өзгөрүп жатканынан кабарлайт.

Кырдаалдын мына ушундай курч жана татаал экенине карабастан, Human Rights Watch укук коргоо уюму тыюу салынган видео, брошюра жана китептерди сактагандарга жана тараткандарга жан тартканы таңгалдырат. Бир гана бул эл аралык укук коргоочу уюмдун эмес, дин иштерин жүргүзгөн мекеменин саентология боюнча позициясы деле таңгалыч жаратпай койбойт.