Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорту 129 пайызга өскөн

2017-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы экспорту 129 пайызга өскөн. Бул тууралуу айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркин Чодуев маалымат жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, экспорттук көрсөткүч мал чарбачылыгында жана кайра иштетүү тармагында сыртка чыгарылган азыктардын көлөмү жогорулаганынан улам өскөн. Быйыл экспорттук өсүү былтыркыга караганда бир топ жакшы болору күтүлүүдө. Анткени 2017-жылы эки өлкө ортосунда түзүлгөн келишимдерге ылайык, Кыргызстан Кытайга алча менен коон экспорттой баштайт.

Чодуев андан сырткары быйыл төө буурчак менен пахтаны жылдагыдан көбүрөөк экспорттоого да өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.