Видеодо кызды бетинен өөп, «педофил» делинген адамдын өздүгү такталууда (видео)

Кичинекей кызды өөп, ага акча берген адамдын өздүгү такталууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, аталган факты Свердлов райондук ИИБде каттоого алынган, учурда эркек кишинин өздүгү такталууда.

Эске сала кетсек, күн мурун эркек киши кызга акча берип, андан соң аны бетинен өөп жаткан  видео  facebook социалдык тармагында жарыяланган. Видеонун астында аталган адам педофил болушу ыкымалдыгы болжолдонгон.

Окуя 28-январда Аламедин-1 районундагы куруучулар шаарчасында болгондугу жазылган.