Актилектин аты өчпөйт

Кечээ Аксы районундагы Кашка-Суу айылындагы стадионго кызмат учурунда курман болгон милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевдин ысымын ыйгаруу салтанаты болуп өттү.

Быйыл маркум милициянын кенже лейтенанты Актилек Абдувалиевдин мектепти бүтүргөндүгүнө 10 жыл толмок, мына ушуга байланыштуу Кашка-Суу айылындагы стадионго анын ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлүп, демилгечи классташтары 130 миң сом, ата-энеси 100 миң сом чогултушкан. Анын натыйжасында стадиондо оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, дарбаза жана отургучтар орнотулган.

Милициянын кенже лейтенанты А.Абдувалиев атындагы стадиондун ачылыш аземине Ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков, Жалал-Абад ОИИБнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги М.Масиркулов, райондун акими, жергиликтүү кеңештин депутаттары, А.Абдувалиевдин жакын туугандары, достору, классташтары катышты.

Актилек Абдувалиев 1989-жылы 3-июлда Аксы районундагы Кашка-Суу айылында туулган. 1996-жылы Кашка-Суу айылындагы №26 У.Турдубаев атындагы орто мектепке кирип, аны 2007-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ошол эле жылы ОшМУнун физика факультетине тапшырып, окуусун 2012-жылы бүтүрүп, жогорку билимге ээ болгон. Андан кийин 2012-жылы ИИМдин Ж.Шабиров атындагы милициянын атайын орто мектебинин Ош шаарындагы филиалынын даярдоо курсуна окууга кирген. Алгачкы даярдоо курсун аяктап, 2013-жылы Ош ОИИБнын Кайгуул-күзөт кызматынын батальонунун катардагы кызматкери болуп эмгек жолун баштаган. 2015-жылы Бишкек ШИИББна караштуу Октябрь РИИБине аймактык тескөөчү болуп дайындалып, борбордогу 8-кичи райондун калкынын коопсуздугун тейлөгө киришкен. Ошол эле жылдын 19-ноябрь күнү кызмат учурунда кылмышкердин аткан огунан курман болгон. ИИМ тарабынан кенже лейтенант А.Абдувалиев курман болгондон кийин 2 млн 300 миң сом компенсация төлөнүп берилген.

2016-жылдын 31-октябында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан А.Абдувалиевдин ата-энесине Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир берилген. Ошондой эле Президенттик фонддон 100 миң сом, Бишкек ШИИББнан 190 миң сом, Октябрь РИИБ тарабынан 90 миң сом акчалай жардам көрсөтүлгөн. Милициянын кенже лейтенанты А.Абдувалиев атындагы стадиондун ачылыш аземинин жүрүшүндө волейбол жана теннис боюнча мелдеш өткөрүлдү. Жеңүүчүлөрго баалуу жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

С.КЫДЫРОВА, Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы