Китеп текчеңизге: «Сууга жазылган ыр»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акын Бектуруш Салгаманини поэзия күйөрмандарына тааныштырып отуруунун кажети жок. Өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягында поэзия дүйнөсүнө ишенимдүү кадам таштаган акын улам кийинки ыр жыйнагы менен улуттук поэзиянын алтын казынасын, улуттук поэзия аркылуу дүйнөлүк поэзиянын алтын казынасын ары ойчул, ары сырлуу, ары көөнөргүс ырлары менен байытып келатат. Ал акын катары эбак эле калыптанып, капкачан эле мамлекеттик сыйлык, ардак наамдарга татыктуу чыгармаларды жазып, өз окурмандарын тапса да, аликүнчө Кыргыз эл акыны наамын ала электиги, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка ээ боло электиги бул өзүнчө сөз.

Бектуруш  Салгамани  ырларынын тереңдиги, көркөмдүгү, айтайын деген оюнун масштабдуулугу менен өз муунундагы акындардын топ башында турат. Ал “станок акындардын” “станогунан” чыккандай уйкаштыктарында кынтык жок, жадатма ырларды жазбайт, дегеле ал кынтыксыз уйкаштыктарды, жадатма ырларды издеп убара да болбойт. Анткени, ага жасалмалуулук жана жасалма сулуулуктун кереги жок. Ал кайсы гана темада жазбасын, башкалар көрбөгөн нерсени “көрөт”, башкалар сезбеген нерсени “сезет”. Кеп, акындын “көрүп” жана “сезгенинде” гана эмес, кеп аны башкалардын жүрөгүнө жеткирип жаза билгендигинде.

Акындын ырлар, жомоктор, азилдер топтоштурулган ыр китебиндеги “Чукотка ыйы” деген ырын окуп көрөлү.

“Буран – чукча досум абдан сыйлады,
бугу сойду. Самогонун жайнатты…
Алды кызып, анан орусча ырдады,
Айттым мен: “Өз тилиңде обон салсаңчы”.

– “Билбейм” – деди.
Ыйлады ырын токтотуп,
Иче берди, иче-е бердик, иче-е бер…
Өлгөн тилдин мүрзөлөрүнө окшошуп
турду мага, бошоп калган шишелер…”

Бул ыр саптарды окуганда, каалайсызбы же жокпу, көз алдыңыздан чукча элинин жана чукча тилинин аянычтуу тагдыры сыдырылып өтөт. Азыркы глобалдашкан дүйнөнүн ачуу чындыгы ушул. Дүйнө элинин чукча деген элдин бар-жогунан кабары жок замандарда чукча тили атадан балага өтүп, уланып келсе, адам баласынын ай-ааламды аралап, адам буту Айга жеткен заманда чукча тилин кийинки муун унутуп баратканы чоң трагедия эке-ни айтпасак да түшүнүктүү чыгар.

Көп жылдардан бери акындын кыйышпас жан шеригине айланган тема бар. Ал – “Алтын арман”. Бектуруш Салгаманинин “Алтын арманы” бир жылдарда өзүнчө китеп да болуп чыккан. Эми ушул тема бул ыр жыйнагында да улантылган экен. Анын акынга жан шерик тема болуп калышына бир окуя себеп болгон. Акын 1972-жылдын апрелин-де түш көрөт. Башка түштөрү бат эле эсинен чыгып кетсе, бул кыздын элеси таптакыр көз алдына кетпейт. 1976-жылы Фрунзеге келип, СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун даярдоо бөлүмүндө окуп жүрүп, мындан төрт жыл мурда түшүндө көргөн кызга жолугуп, тагдырдын бу “тамашасына” эсеңгиреп таң калат. Акындын “Алтын арманы” мына ошондо башталып, анын махабат ырлары ошол түшүндө көргөн кызга арналган. Бул да поэзиядагы кайталангыс кубулуш десек болот.

Бүгүнкүнүн классик акыны Бектуруш Салгаманинин бул ыр китебин сөзсүз таап алып, эринбей окуп чыксаңыздар, Ноокаттын ширин өрүгүнүн даамын таткандай болосуздар. Эң башкысы, эч өкүнбөйсүздөр.

Бектуруш САЛГАМАНИ:

«Өз адамга айланды өгөй адам,
өз атама айланды өгөй атам…»

ӨГӨЙ АТА ТУУРАЛУУ БАЛЛАДА

Атам өлүп,
армандуу бир жыл өтүп,
алыскы бир айылга бардык көчүп.
Калды  -Аталап! — үкөм ал үйдүн ээсин,
кетти апам да ал жакка бачым көнүп.

Өгөй адам – мугалим мектептеги,
өтө момун, сөөк-саактуу бой, келбети.
–Ата! – дешке наяти оозум барбай,
арман артып өтөт күн кербендери.

Алтыдамын. Катырам оюн жагын,
аткарылат айтканым, оюмдагым.
-Алып кетем! – деп атам келүүчүдөй,
айыл жактын караймын жолун дайым.

-Базарды бир айланып келели! – деп,
берди сатып мага кооз велосипед.
Койгон болчу өз атам алып бербей,
какшап, ыйлап жалынсам эчен ирет.

Өз атам көп шоктонсом койчу сабап,
-Өнүп-өс! – деп күлөт, бул ширин карап.
-Бөтөн кыштак. Бирөөлөр тийет! – дейби,
балдар менен ойносом байкоого алат.

Жер чукулайт, мал карайт, сабак — анан,
жан экен түк жумуштан тажабаган.
Калса калат аш-тойдон, асти калбайт
күнгөйдөгү мечиттен, жаназадан.

Ал кишиде бала жок экен өзү,
апам экинчи эринен төрөбөдү.
Жан кишиге сезилбейт өгөйлүгүм,
-Жетим! – дешпейт балдар да көчөдөгү.

Апамдын түк көрбөймүн муңайганын,
ал адамдын көп байкайм кубанганын.
Өз атамды сагынып ыйлап алам,
өгөйлүгү оркоюп турат дайым.

-Эрге тийбей, жөн эле жүрбөйбү! – деп,
эзилемин апамды ичтен тилдеп.
Качып кетсем дейм, бирок жолду билбейм,
кыштактан же туугандар келбейт издеп.

Арасында бир күнү өрүк бактын,
апамды өөп жатканын көрүп калдым.
Кызгангандан -Өлтүрсөм! – деп ойлодум,
келди өзүм да шарт эле өлүп калгым.

Апам кызык, урушпайт, кыт-кыт күлөт,
-Ай, болду эми! Түндөсү..! Кой, жинди! – деп.
Бурч жагында таңыркайм чөмөлөнүн,
-Булар түндө не кылат ой, ким билет?!.

Эмне, ойлойбу:  -Булар жаш. Билишпейт! – деп,
экөө бирге мончого кирип кетет…
Кызыл ити кыңшылап кызганычтын,
көңүлүмдү миң жалап, ириңдетет.

-Балам! – десе жактырбай шыпшынамын,
бир чечилип сүйлөшпөй, былтыямын.
Студент болдум, алыскы шаарга, мага
салып турду ай сайын пенсиясын.

Айылдагы мугалим — пенсионер,
арка болду калаада мен сүйөнөр.
…Сүйүүгө анан кабылдым, махабат – эх,
сыйкыр экен сагынтаар, элжиретээр.

Кызык, сезбей жүргөмүн башта неге?
Кусамын бир күн көрбөй калсам эле.
Өбүшсөк биз
апамды өгөй киши
өпкөндүгү элестейт анда деле…

Бото көзүм, жаныңан алыс жылбай,
бир жүрсөк деп Кудайдан тилейм тынбай.
Өлүм бизди бөлбөсүн эртелетип,
өстүрөлү балдарды жетим кылбай!

Отуз жашка чыкпастан жесир калган,
ойсоңдотуп эки эркек жетим баккан,
таалай, өмүр тилеймин апама да,-
таманынын астында Бейиш жаткан.

-Эрге тийип..! – деп сөгөөр элем башта,
-Эң бир туура кылган! – деп эми аяйм да.
Муктаж экен эркекке бир ургаачы,
муктаж экен бир эркек бир аялга.

Үйлөндүм мен, бапырап той өткөрдү,
ушул чалдай жоомарт жан жок өңдөндү.
-Бул күндү атам көрбөдү! – деп өксүдүм.
Бир күн капыс мендеги ой өзгөрдү.

…Кеткен саарлап апам бир жакка дагы.
Келгем иштен. Чал мени байкабады.
Жаман кызым чычыптыр жайнамазга,
жүргөн экен өзү жууп, чайкап аны.

-Ата! – дедим ошондо ич эзилип,
ал таң кала карады бир эңилип.
Күн чыккандай жазылды кусаматы.
-Кечириңиз! – дедим мен тизе бүгүп.

-Ата! – дедим өөп бет, сакалынан.
Апам чыкты өрүкзар арасынан.
-Ата де! – деп айттыра албай жүргөн,
ал көз жашын тыялбайт карап улам.

Жүрөгүмдөн төгүлүп ага мээрим,
жыйырма төрт жылдан соң –Ата! – дедим.
Өз атамдан дагы артык өгөй атам,
өпкөнсүймүн бетин өз атакемин!..

Өз адамга айланды өгөй адам,
өз атама айланды өгөй атам.
Андан озуп төргө өтпөй калдым эми.
-Акылыңа келдиң! — деп өбөт апам.

Ай өтүп бир бакырчаак уулдуу болдум.
Ал балама деп – Пейли жугуп-консун! -,
алдым дагы өзүнүн макулдугун,
атам – өгөй атамдын ысмын койдум.

ЖААП КИРДИ КАР ДАГЫ

Карай калсаң карек карыгар,
көзүң жеткен жердин баары – кар.
Тынбай чуркайт ызгаар ышкырып,
тешик таппай жылып, жашынаар.

Баса жааган кардын кечтеги,
бар бейм көктө калып кеткени,
кичик, майда көпөлөктөрдөй,
келишүүдө кечиккендери…

Каман жалдуу тору аргымак,
карап турат –Жем! — деп жалдырап.
Нанүштөдөн бери кар күрөп,
нандай болуп бетим албырат.

Чыйырды кууп чубап кой батпай,
чабан келет жайык жол таппай.
Какайышып турат теректер,
генералын көргөн солдаттай.

Жетпечүдөй жерде жатканы,
жаап кирди шашып кар дагы.
…Келбечүдөй кайтып жаз кайра,
көрбөстөйсүң эми кайра аны.

КАРГАЛАР

Кыйырды кучактап жатса кар,
кара суук, ызгаарды тоготпой,
чаржайыт жүрүшкөн каргалар,
чачылган капкара нокоттой.

Күрөшкө түшүүчү балбандай,
кайкалайт бирөөсү бериде.
…Көргөндө  карганы ар кандай,
келет тээ бабамдар эсиме,
түшөт тээ замандар эсиме.

Кеп болбой чыкыроон, кара суук,
кезип жер-асмандын арасын,
каргалар 300 жыл жашашып,
көргөндүр бабамдын бабасын?

Сүйүнөм силерге жолуксам,
соболум бар менин, келгиле.
Бабамдар кандай жан болушкан,
билсеңер божурап бергиле?

Качканбы ташташып кыштакты,
кыпчакты Кудаяр хан чапканда?
Обдулуп алдыга чыкканбы,
орустар Коконду басканда?

Айдалган нечөөсү Шиберге?
Асылган, атылган канчасы?
Келгиндер бастырып кирерде,
ким болгон качканы, сатканы?

Кош айдап, мал багып, жайлаган
кыштоосу, жаздоосу кайда эле?..
Өзбек, сарт, казак деп жайнаган,
өлкө, улут ал кезде бар беле?

…Жарыкка 300 жыл илгери
жаралган каргалар суктантып,
жараатым козголуп ичтеги,
жай келем маанайым суз тартып.

Түшүнбөйт же менин тилиме,
түшүнсө дагы айтпай жалтактап,
каргалар  сүйлөйт бир-бирине:
-Карк!
-Кгарк!
-Кхар-рк!
-Карк!
-Кар-рк!
-Кгарк!
-Карк!
-Кар-рк!
-Карк!

БИЗ ЖАКТА – КАР…

Каакым гүлдүн пырындай жай гываңдап,
кар жаап, турат калааны таң кучактап.
Көздөн учат – алмалуу кыштак чети,
каакымдарга жык толгон айдың, аптап…

Талкаланган, чачылган күн жаткандай,
таанышканбыз талаада – каакымга бай.
Аяз чымчыйт тийишип эрке кыздай,
а көңүлдө – каакымдын пыры учкан жай…

Бирин-бири колтуктап басса жаштар,
башын ийип суктанат бак-дарактар.
Билбейм кандай, кар барбы силер жакта?
Биз жакта – кар.
Кар.
Кар.
Кар.
Кар.
Кар.
Кар.
Ак кар…

Супурадай агартып айлананы,
силер жакта дагы кар жаап жатабы?
Каакымдардын пыры учкан июлду эстеп,
күмүш карга карегиң арбалабы?..