Өрттөнгөн интернат, кыйылган 43 өмүр…

1969-жылдын 4-февралында Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан (мурдагы Киров району, Киров айылы) окчун, Кызыл-Мойнок деп аталчу жерге жакын жайгашкан Киров мектеп-интернатынын өрттөлүшү жана ошол кырсыктын кесепетинен 43 наристенин жазыксыз кыйылган өмүрү элдин эсинде эчак эле өчпөс кара так болуп жазылып калган…

Тагдыр мындай каргашаны адам бала сынын башына салбасын. Мектеп-интернатта  9  жаштан  13  жашка  чейинки  балдар-кыздар  окушчу.  Алардын  арасында  малчылардын  жана  көп  бүлөлүү үй-бүлөлөрдүн  балдары  да  боло  турган. Күтүлбөгөн каргаша түнкү саат 2лерде башталган. Оор уйкудан чоочуп ойгонушкан балдардын башаламан кыймылы, сансыз ызы-чуулар али да жаңырып тургансыйт. Тышта күндүн суугу сөөктөн өтөт. Анан калса, ошол жылы кардын өзгөчө оор түшкөнүн улуулар азыркыга чейин айтып келишет. Жан-айласын таппай калгандар сынган терезелерден сыртка- кардын үстүнө секирип жатышты.

Каргаша түн ичинде, ары капыстан болгондуктан, аларга баш-көз болгон эч ким жок эле. Кээ бир так эмес маалыматтар боюнча ошондогу өрттөн улам көптөгөн сөөктөр катуу күйүп, кимдин ким экендиги таанылбай калгандыгы, аргасыздан “43 окуучунун денеси” катары эсептелип, матага оролгон түйүнчөктөр кызыл мата капталган жашиктерге салынып, тышына аты-жөнү жазылгандыгы, акырында ата-энелеринин жана туугандарынын каршылыгына карабастан, жашиктер ачылбастан туруп, көрүстөндөргө коюлганы айтылып келет. Албетте, бул айтылгандардын баарысы чындык экендигин бүгүн эч ким ырастап бере албас. Ошондо райондун Чолпонбай айылынан – 8, Жийдеден – 6, Бейшекеден – 2 окуучу өрттүн жазыксыз курмандыктарына айланышкан.

Мындай орду толгус оор жоготуу Талас өрөөнүнүн башка айылдарында да учурашы ыктымал. Анткени, мектеп-интернатка Таластын ар кайсы айылдарынан, атүгүл кошуна казак туугандардан келип окугандар бар эле. Албетте, колго алынчу болсо, каза болгондордун аты-жөнүн жана так эсебин дароо тактап коюуга болот. Баса, агезде Манас районунун аймагы Киров районуна баш ийип турган. Жамандык жерде жатмак беле. Бул каргашалуу окуя тууралуу кабар телерадио аркылуу дүйнө элине маалым болгон. Атүгүл ошол жылдары эл арасында “Интернатты чет элдик бир шпион өрттөптүр” деген каңшаар сөз көп айтылып жүрдү. Балким, айтылгандарда кайсы бир деңгээлде чындыктын үлүшү бар чыгаар. Бирок, союз маалында мындай-мындай окуялардын чоо-жайы коомчулукка ачык айтылчу эмес.

Кийин мектеп-интернаттын директору, азыркы “Газпром – Азия” ишканасынын жетекчиси Болот Абилдаевдин атасы Ералхан Абилдаев 12 жылга кесилип, камактан чыккандан кийин Чүйдө жашап калганын укканыбыз бар. Жетекчинин жаза алганында суроо жок, бирок, жоопсуз калган суроолор: өрт эмнеден улам чыккан? Жатакананын түнкү нөөмөттөгү кызматкерлери ошол маалда кайда жүрүшкөн? Бул үчүн дагы кимдер, кандай жазаланды? Эң башкысы, алмончоктой балдарынан ажыраган ата-энелердин эч ким, эч качан ордун толтуруп бере албас кайгысына жана оор жоготууларына кимдер жоопкер болгон? Албетте, бул суроолорго эми эч качан так жооп айтылбайт.

Ошол окуядан бери быйыл туптуура 50 жыл өтүптүр. Баам салсак, ошондо мектеп-интернатта окуган балдар-кыздар бүгүн 60-70 жаш куракка келип калышты. Бирок, 50 жылдан бери жазыксыз набыт кеткендерди эч кимиси эстеп, эскерип койбогону кандай? Алар өлкөнүн эртеңки ээси катары казыналык мекемеде билим-тарбия алып, жашап жатышпады беле. Аман болушса, балким, арасынан эл жүгүн аркалаган не бир азамат-тар чыкмак. Шейит кеткендерде күнөө жок.

Күнөөнүн баарысы ошол кездеги бийликтин жоопкерсиздигинде болгон. Кечээки күндүн кайра кайталанбастыгы сымал, ал күндөр да эми кайрылбайт. Баарысы жоопсуз тарых барактарында гана жазылуу бойдон кала берет. Мына ушул өкүнүчтүү.

– Мен ошол жылы мектеп-интернаттын 5-классында окуп жаткам, – дейт Манас районундагы Жийде айылынын жашоочусу Ажыбек Айылчиев. – Бир тууган иним жана бир тууган эжемдин 2 кызы да ошол каргашадан набыт болушту. Ошол сааттар эч качан эсимден чыкпайт. Капыстан келген кырсыктан качкан балдардын башаламан кыймылын элестетип көрчү. Бирин-бири таануу, жардам берүү бул жакта эле калып, жанталашып, ар кимиси өз жанын ала качып чыркыраган жаш, наристе өмүрлөр ошентип заматта жайрап калган.

Азыр ошол мектеп-интернаттын орду Киров суу сактагычындагы топтолгон суунун алдында калды. Эсимден чыкпаган дагы бир нерсе – бул мектеп-интернаттын жатаканасынын капкара болуп күйгөн дубалдары жана анын урандылары азыркыга чейин сакталып, көзгө суук көрүнөт. Кээде суу тартылган маалда, ошол жакка барып, өрттөнгөн имарат-тын дубалдарынын карайган калдыктарын көрүп калам. Жакындаган сайын февралдын ошол суук түнүндө болгон каргашалуу өрт, андан кутулуунун жан-айласын таппай, жанталашкан үндөр кайрадан-кайра кулагыма жаңыра берет.

Мен ошол жылдарга чейин жана ошол маалда Киров мектеп-интернатында окуган замандаштарыма кайрылууну туура таптым. Келгиле, курман болушкан ошол 43 уул-кызды эстеп-эскерип туруу үчүн чогуу аракет жасайлы. Кызыл-Адыр айылынан ылайыктуу жер бөлдүрүп, эстелик коюп, таштын бетине 43 уул-кыздын аты-жөнүн жаздырып коюп, жылыга 4-февраль күнү ошол эстеликке келип, бир боорлорубузду эскерип, таазим көрсөтүп туралы! Мындан эч нерсе деле уттурбайбыз. А.Айылчиев  көкүрөгүндө  сакталган кайгы-муңун 50 жылдан бери ачыкка чыгарбай келген. Эртеби-кечпи, бул чындык ачыкка чыгышы керек эле. Акыры калк таразасына койгум келди”.

– Мындан 2 жыл мурда “Манас” эл аралык аба майданына жакын жерде да учак кыйрап, Дача-Суу айылынын канча деген жашоочусунун өмүрүн алып кетти, – дейт А.Айылчиев. – Бул да бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң кайгы болду. Кетирилген кенемтенин орду толтурулуп, шейит кеткендерге эстелик коюлду.

Ушундан улам эмне үчүн тоталитардык системанын мындан 50 жыл мурда кетирген каталыгын кеч болсо да түзөтүп, жазыксыз кыйылган кырчындай өмүрлөрдү эстеп, эскерип турууга болбосун деген ой келет. Эгерде мындай аракеттер колдоого алынчу болсо, бул көп деле каражатты талап кылбайт.

Эң башкысы, кайдыгер болбой, баарысына жүрөктүн каалоосу менен мамиле жасоо керек. Ылайым, бул кадамдарыбыз коммунисттик-тоталитардык бийликтин курмандыктарына айланып, мезгилинен өтө эле эрте өтүп кетишкен 43 наристе өмүргө көрсөткөн улуу таазимибиз болуп калсын!

Кайдасыңар,  мектеп-интернаттын ошол кездеги тарбиялануучулары, шейит кеткен уул-кыздардын туугандары  жана  жакындары? Эгерде ушул сунуш-демилгени колдоочулар бар болсо, кабарлашкыла! Баарыңарды демилгеге үн кошуу менен чогуу аракет жасоого чакырабыз! Биздин дарегибиз: Талас облусу, Манас району, Жийде айылы, телефон: (0779) 025374. Ажыбек Айылчиев.

…Ооба, Таластын Кара-Буурасында мындан 50 жыл мурда катталган каргашалуу бул окуя – чыныгы тарыхый факт. Акырында айтаарыбыз, шейит кеткен наристе өмүрлөр үчүн эстелик коюп, алардын жаркын элестерин эстеп-эскерип турууну сунуштаган мындай демилгени атаандашуу катары түшүнбөө керек.

Өскөнбек ЧАРГЫНОВ, Кара-Буура району