Жогорку Кеӊеште Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Сатаев Зарылбек Апасовичтин талапкерлиги каралды.

Ал «Ата Мекен» парламенттик фракциясы тарабынан сунушталган. Зарылбек Сатаевди депутаттарга Бюджет жана финансы боюнча комитеттин төрагасы Эмил Токтошев тааныштырды.

Жашыруун электрондук добуш берүү жыйынтыгында Зарылбек Сатаев депутаттардын басымдуу бөлүгүнүн добушу менен Эсептөө палатасынын аудиторлугуна шайланды. Мыйзамга ылайык, ал бул кызмат ордунда 5 жылдык мөөнөт менен иштөөгө тийиш.

Белгилей кетсек, Зарылбек Сатаев буга чейин Эсептөө палатасынын Бишкек шаардык, Чүй жана Талас облустук бөлүмдөрүндө иштеп келген.