Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды (видео)

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен милиция кызматкерлери түшкөн маалыматтын негизинде текшерүү жүргүзүшкөн. Түшкөн маалымат боюнча даректеги батирдин ичинде 9 киши болгон. Алардын арасында бир жарандан башкасы мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча сот жообуна тартылган жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушкан.

Тинтүү маалында бир даана сайлуу ок атуучу курал, (документи жок, колдо жасалган), 10,65 калибрдеги 8 даана ок-дарылар алынды жана алынган далил буюмдарга баллистикалык экспертиза дайындалды.

Тергөө учурунда, жогорудагы курал жана ок-дарылар, мурда тоноочулук жасап соттолгон 1988-жылы туулган Т.Ы. аттуу жаранга таандык экендиги такталып, ал убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ошондой эле Тергөө кызматы калган 8 атуул боюнча да тергөө амалдарын жүргүзүүдө.

Андан тышкары алардын арасындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү 26 жаштагы Шарафидин уулу Замирбек (Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылынын тургуну) издөөдө жүргөн.