Спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүү программасы даярдалат

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова  Спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү программасынын долбоорун даярдоо боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова Президент Футболду өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну сунуштаганын эскертти.

«Биз футбол, волейбол, баскетбол жана башка командалык оюндарды өнүктүрүүнү караган Программанын долборун иштеп чыгуубуз зарыл.Программанын долбоорунда спорттук оюндардын командалык түрүн бир нече жылдарга карай өнүктүрүнүн стратегиялык багыттарын тандоодо негизги атыкчылыктар эске алынышы керек. Балдардын сүйүктүү спорттун түрү менен профессионалдуу алектенүүгө мүмкүндүгү болуусу үчүн бардык региондор камтылуусу тийиш», – деп эсептейт вице-премьер-министр.

Вице-премьер-министр баса белгилегендей, өлкөнүн бардык облустарынын балдарынын спортко кызыгуусу маанилүү, аларда спорт менен алектенүүгө, жеңишке жетишүүгө өбөлгө болушу керек.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине Футбол федерациясы менен биргеликте спорттун командалык түрлөрүн өнүктүрүүнүн комплекстүү Программасынын долбоорун иштеп чыгууну жана жакын арада аны Өкмөттүн кароосуна киргизүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун 1/8 финалына чейин чыккан. Мындан кийин коомчулукта өлкөдө командалык спортту өнүктүрүү керектиги айтыла баштаган.