Ысык-Көлдө катуу шамал шиферлерди учуруп кетти

Ысык-Көл облусунда катталган катуу шамал шиферлерди учуруп кеткен. Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталууда. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-февралда болжол менен саат 15:30-16:00дөр чамасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталган. Шамалдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарындагы «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын (профнастил), Тамчы айыл аймагынын Кош-Көл айылында 1 турак үйдүн 8 даана шиферин жана Тамчы айылында 1 турак үйдүн 36 чарчы метр чатырын (профнастил) учурган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.