Абылгазиев: Ош шаарынын Башкы планы бекитилсе, коррупциялык тобокелдиктерди жоюу мүмкүнчүлүгү түзүлөт

Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда 2018-жылы Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү жыйынтыктары талкууланып, 2019-жылга карата милдеттер белгиленди.

Өкмөт башчы белгилегендей, экинчи борбор болуп саналган Ош шаары жалпы өлкөнүн өнүгүшүндө социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мааниге ээ. Ошондой эле Өкмөт башчы Кийинчерээк ишканалардын көбү менчиктештирилип жана иштебей токтоп калганын эске алуу менен Ош шаарынын өндүрүштүк потенциалын сактоого жана өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек экендигин белгиледи.

Премьер-министр аймактарда, анын ичинде Ош шаары сыяктуу туристтик потенциалы зор шаарларда туризмди өнүктүрүү зарылдыгына айрыкча көңүл бурду.

«Ош шаарынын тарыхы өзгөчө жана бай, кайталангыс колорити жана жагымдуулугу бар. Мындан улам Ош шаары 2019-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Албетте, бул чечим туристтерди көбөйтүүгө шарт түзөт.  Муну менен катар туризмди өнүктүрүү үчүн белгилүү бир күч-аракеттерди жумшоо керек. Ош шаарында туризмди ырааттуу өнүктүрүү үчүн вице-мэрлердин ичинен жооптуу адамды дайындоо зарыл, ал туризмди өнүктүрүү маселелерин көзөмөлдөп, келип чыккан көйгөйлөрдү ыкчам чечип турат», – деп баса белгиледи ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, курулуш өсүп жатканына карабастан шаардын кайталангыс көрүнүшүн жана өзгөчөлүгүн сактап калышы керек.

«Жакынкы убактарда Ош шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу иштерин аяктоосу кажет. Ош шаарынын Башкы планы бекитилсе, ар бир тургунга анын шаары канча жылдан кийин кандай өзгөрөрүн көрүү жана курулуш чөйрөсүндө шаардын жакшы жерлери карапайым жарандардын кызыкчылыгына каршы коммерциялык курууларга сатылган коррупциялык тобокелдиктерди жоюу мүмкүнчүлүгү түзүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Жыйын соңунда Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, муниципалитеттин ар бир кызматкерин Ош шаары көрктүү бойдон калышы үчүн ак ниет жана чынчыл иштөөгө чакырды.