Үйлөрдү кыдырып диний үгүт иштерин жасоого тыюу салынат

Диний үгүтчүлөрдүн иш-аракеттерине чектөө койгон мыйзам долбоору демилгеленди.

Жогорку Кеңеште даваатка тыюу салган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул мыйзам долбоор колдоого алынса, даваатчыларга үйлөрдү кыдырып диний үгүт иштерин жасоого тыюу салынат. Мындай эрежени бузгандар административдик мыйзамдарга ылайык жоопко тартылат.

Ошондой эле мыйзам долбоор мамлекеттик экспертизадан өтпөгөн диний адабияттарды, аудио, видео файлдарды таратууга тыюу салат.