Бишкек-Стамбул багытындагы учак уча албай конду

Бишкек-Стамбул багытындагы учак «Манас» эл аралык аэропортунда уча албай, кайра конду. Бул тууралуу учактын жүргүнчүлөрү билдирген.

Техникалык мүчүлүштүктөн улам учак учпай калганын аэропорттун басма сөз кызматы тастыктады. Учурда учак оңдолуп учууга даярдык көрүп, рейс 18:30га жылдырылды.

Маалыматка ылайык, «Pegasus» компаниясынын PC701 каттамы бүгүн 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, бирок ал да аткарылган жок.