Акимдерге баа берүү критерийлери иштелип чыкты

Биз коңшуларыбыздын жана стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн ишенимин кайтара алдык. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусунун коллегиялык жыйынында билдирди.

Жыйында Ош облусунун 2018-жылкы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары талкууланды жана 2019-жылга милдеттери белгиленди.

«2018-жыл атамекендик экономика үчүн объективдүү кыйынчылыктарга карабастан, ийгиликтүү болду», — деп белгиледи Өкмөт башчы .

Ал жер-жерлерде коюлган өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын маңызын түшүнүүсү тийиш деп белгиледи.

«Биз райондук администрация жетекчилерине баа берүү критерийлерин иштеп чыктык, алардын ишине конкреттүү көрсөткүчтөрдүн негизинде  баа берилет», — деп кошумчалады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле Премьер-министр республикабыз финансылык  жылды тышкы карыз алуусуз жыйынтыктаганын белгиледи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *