Кыргызстан ФИФА рейтингинде 4 орунга төмөндөп калды

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы ФИФАнын  рейтингинде 95-орунга түшүп калды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Рейтингди түзүүдө Кыргызстандын Азия Кубогуна даярдануу учурундагы жана мелдештеги оюндардын жыйынтыгы эсепке алынган. Ага ылыйык Кыргызстан алты расмий беттеш өткөрүп, экөөндө жеңсе, калган төрт оюнда жеңилип калган.

Азия Кубогунда Кыргызстан менен бир тайпада ойногон Кытай 4 орунга (72), Түштүк Корея 15 сапка (38) жогоруласа, Филиппин 7 сапка ылдый түшкөн (123).

Айдын мыкты командасы болуп 38 орунга өйдө көтүрүлүп, 55-орунду ээлеген  Азия Кубогун жеңген Катар курамасы болду.

Ал эми алдыңкы ондукта өзгөрүү болгон эмес. Биринчи орунда Бельгия, экинчи Франция жана үчүнчүдө Бразилия курамалары жайгашкан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *