Бишкектин чок ортосуна 140 орундуу бала бакча курууга тендер жарыяланды

Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы Тыныстанов көчөсү, №193 дарегинде курула турган бала бакчаны долбоорлоого тендер жарыялады. Бакчаны долбоорлоого 1 миллион 446 миң 46 сом жумшоо пландалып жатат.
Муниципалитеттин маалымат кызматы билдиргендей, аталган бакча 140 балага ылайыкташкан.

Аткарыла турган иштердин тизмесинде эзкиздик долбоор, гүлдөр отургузулган башкы план, кабаттардын планы, архитектуралык-курулуш бөлүгү, жылуулук жана желдетүү, суу түтүктөрү жана канализация, электрдик жабдуулар жана жарыктандыруу, технологиялык бөлүгү, күзөт-өрт белгилери, тышкы инженердик тутумдар, сметалар, ж.б. киргизилген.

Сынакка катышууга арыз 2019-жылдын 27-февралына чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, бул жерде совет мезгилинде дагы бала бакча болгон жана ал кыргыз тилинде тарбиялаган биринчи мамлекеттик бала бакча катары саналып келген. 2010-жылдан соң аталган имаратты эскиргендигине байланыштуу убактылуу пайдалануу үчүн офис катары берилүү каралган, 2010-жылдын 6-7-апрелинде болгон окуяларда имарат өрттөнүп, жараксыз абалга келген. (АН)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *