Скрябин 45 дарегиндеги участкага коюлган камакты алып салган судьяга карата кылмыш иши козголду

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы район аралык соттун судьясы Н.Ж.га карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, билип туруп мыйзамсыз сот актысын чыгаруу фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөөдө.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, “Г.Э.” жана “ЭДС” ЖЧКлары мурда эле Бишкек шаарынын Скрябин көчөсүнүн 45-45а дарегиндеги жерде жайгашкан кыймылсыз мүлктүн негизинде сатуу-сатып алуу келишимин түзгөн жана “ЭДС” ЖЧКсынын менчигине өткөн.

Бул участоктор камакка алынган. Соттун чечими боюнча мамлекетке киреше катары конфискацияланууга жаткан.

Бирок да, район аралык соттун судьясы билип туруп, мурда түзүлгөн сатуу-сатып алуу келишимин жокко чыгарып, участок “Г.Э.” ЖЧКнын менчигинде деп таануу менен,тийиштүү органда каттатуу менен мыйзамсыз чечим чыгарган.

Айтымда, сөз район аралык соттун мурдагы судьясы Жыргалбек Нурунбетов жөнүндө болуп жатат. Анткени, ал 2014-жылдын июнунда Global Advertising ЖЧКнын «ЭлитДомСтрой» ЖЧК (башкы директору Ульяна Пак, Максим Бакиевдин жакын адамы) менен сатуу-сатып алуу тууралуу 2007-жылдын 27-декабрындагы келишимин жокко чыгаруу жөнүндө доо арызын канааттандырган. Сөз Скрябин көчөсүндөгү 1,287 га тууралуу.

Ошол эле күнү судья 2010 жана 2012-жылдардагы камакка алууну алып салуу тууралуу аныктама чыгарган. Анын негизинде 2016-жылдын декабрында Бишкек мамкаттоосу участокту Global Advertising ЖЧКсына таандыктык укугун каттаган. Ошол эле күнү участок Элдар Туратбековго сатылган. Бүгүнкү күндө ал мүлктүн ээси болуп саналат. (БТ)

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *