Оор жаракат алган Акжол Махмудов Германияда дарыланат

Күрөш боюнча спорт чебери Акжол Махмудов алган оор жаракатынан улам Германияда дарыланышы боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов Жогорку Кеңештин фракция жыйынында билдирди.

Анын айтымында спорт чеберинин дарылануусуна 1,5 миллион сом керек жана бул каражат аталган мамагенттик тарабынан каржыланат. Агенттиктин директору “Биз анын атасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз,  дарыланышын өзүбүз каржылайбыз. Алдын ала дарыгерлер менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн улам анын жарым жылда толук сакайары белгилүү болду”- деп, Акжол Махмудовго Олимпиада оюндарында ийгилик жаратаарына ишеним артыларын кошумчалады.

Акжол Махмудов – Азияда күрөш боюнча чоңдор арасында чемпион жана 2018-жылдагы Азия оюндарынын вице-чемпиону. (ВБ)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *