ИИМ ичинен тазаланып, ЖМК үчүн ачык

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, «Кыргыз Туусу»


5-февраль күнү ички иштер министри Кашкар Жунушалиев баш болгон ИИМдин кызматкерлери журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрдү. Анда ИИМдин ишмердиги, кадрдык маселелер, резонанс жараткан иштер жана жаңы жылдан тарта күчүнө кирген кодекстер тууралуу маалымат берилди.

Жаңы кодекстер, жаңы пландар

Кашкар Жунушалиев жаңыланган  кодекстерде  сын пикир  жараткан  жоболор  бар экендигин  билдирди.  Алар  боюнча өкмөт тарабынан иш алынып  барууда. Министр  белгилегендей,  ИИМ  2018-жылы  жаңы кодекстерди  окутуу  учурунда өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштарын киргизген. Бүгүнкү күндө ал мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окууда каралганы турат.

“Жаңы  кабыл  алынган  мыйзамдарды баарыбыз терс кабыл  алабыз. Мыйзам кабыл алынган, артка жол жок. Өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иштейбиз”, – деди К.Жунушалиев.

А түгүл ИИМдин айрым кызматкерлеринин жаңы өзгөр түүлөргө анча баа бербей, ага каршы болгондору да бар. Бул боюнча министрлик иш жүргүзүп, бардыгы өз учурунда ордуна келерин ишендирди министр.

Министрликтин иши канааттандырарлык

Министр  берген  маалыматка ылайык, 2018-жылы  республика  боюнча  29  718 кылмыш катталган. Анын ичине 26 553 кылмыш иши ички иштер органдары тарабынан катталып, кылмыштын жалпы санынын 89,3 пайызын түзгөн. Кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө 19 861 кылмыштын бети ачылган. Такталган кылмыштарды иликтөө иштеринин жүрүшүндө 24 284 кылмыш иши козголгон. Ички иштер органдарынын тергөө кызматтары тара-бынан 16 318 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн.  Жалпысынан  кылмыш жасаган 19 619 адам аныкталып,  алардын  ичинен  13  483 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ал эми баңгизаттарды мыйзам-сыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын саны 1 395 фактыны түзүп, 16 280 кг. баңгизаттар жана  психотроптук  каражаттар алынган.

“Талдоо  көрсөткөндөй, 2018-жылда катталган кылмыштардын саны бир аз өскөнү байкалууда. Өсүш 7,4 пайызды түзгөн. Ошол  эле  учурда  оор  жана  өтө оор  кылмыштардын  саны  13,6 пайыз га  азайган.  Анын  ичинен адам өлтүрүү 19,2 денеге оор залал келтирүү 2,5, каракчылык 35,9, мал уурулук 44,5, опуза кылуу 12,6 пайызга азайган. Бул расмий статистикалык көрсөткүчтөр ИИМдин алып барган иштеринин негизинде алынган”, — деп билдирди Жунушалиев.

Министр  кошумчалагандай, өткөн жылда милиция кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп 210 ыкчам каттоодо турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү ар кандай кылмыш фактылары менен кармалган, анын ичинен: 44 уюшулган топтор-дун мүчөлөрү жана 166 ар түрдүү топтордун мүчөлөрү, кармалгандардын ичинен 7 адам криминалдык чөйрөдө жогорку статусун алып жүргөндөр.

«Мен өзүмдүн жумушума баа бере албайм. Бирок ведомствонун 2018-жылдагы ишине баа бере алам. Менин оюмча ведомство канааттандырарлык иш алып барды», — деди министр.

УКТ мүчөлөрү тууралуу жарыялоо жаштарга терс таасир тийгизет

Журналисттер  кармалган УКТ мүчөлөрүнүн ысымдарын  сурашканда,  министрдин орун басары Мирлан Каниметов тергөө  жүрүп  жатканын  айтып, мындай маалыматты бере албастыгын билдирди.

УКТ мүчөлөрү тууралуу ЖМКга жарыялоо  жаштарга  терс  таасир  тийгизип  жатканын  айткан М.Каниметов, кармалгандардын арасында Москвадагы кыргыз кылмыш чөйрөсүнүн, дагы бирөө Нарын жана райондук борборлордун «кароочулары» бар экенин кошумчалады.

Мындан улам уюшкан кылмыштуу топторго тиешелүү бир канча суроо жаралды. Себеби, жакында эле ЖМКларда Токмокто атышуу болуп, бул окуя УКТ мүчөлөрүнүн тиреши экени айтылган. Баарынан кызыгы ага депутат Урмат Самаевдин катышы бар экени айтылды. Негизинен эле коомчулукта Жогорку Кеңеште да УКТ мүчөлөрү бар  деген  кеп  анда-санда  айтыла калып жүрөт. Бул боюнча министрге  Жогорку  Кеңеште  УКТ мүчөлөрү  барбы  деген  суроо узатылды.

«Жогорку Кеңешке өтүп, депутат болуу үчүн жарандар текшерилет. Биздин маалыматтык борбордо мындай маалымат жок», — деди министр.

Камила Дүйшөбаеванын иши: ИИМ билдирип, прокуратура төгүндөдү

2014-жылы  киши  колдуу  болуп  өлтүрүлүп, ал жоголгондон бир жумадан кийин Чүй облусунун аймагында  денеси  табылган  Камила Дүйшөбаеванын  иши  дагы  деле ачыла электиги ИИМдин ишине көлөкө түшүрүп жаткандай. Алсак, бул иште тергөөчүлөр тарабынан күбөлөргө басым жасалып жатканы тууралуу кептер айтылууда. Бул боюнча суроого жооп берип жатып М.Каниметов, күбөлөргө эч ким басым жасабаганын билдирди.

ЖМКларда Дүйшөбаеванын жазган арызынын негизинде зордуктоого шектелип эки милиция кызматкери жазага тартылгандыгы тууралуу маалымат чыккан. Маалым болгондой, анын өлүмүнүн алдында алар эркиндикке чыгышкан. Бул боюнча М.Каниметов маалыматты текшерип көрө тургандыгын билдирди.

Жакында  аталган  кылмыш ишине тоскоолдук жаратып жатат деп айтылып келген Калыбек Элтуйбасовдун кармалганы маалымдалган. Калыбек Элтуйбасовдун кармалганын ИИМ тастыктап, бирок ал аталган ишке байланыштуу  кармалбагандыгын маалымдашты. Ал АКШда миграциялык мыйзамды бузгандыгы үчүн кармалган. Ал ИИМдин маалыматына ылайык, бул иште шектүү катары эмес, учурда  күбө  статусунда.  Муну  ме-нен  бирге  эле  К.Элтуйбасовду АКШдан  экстрадициялоо  маселеси чечилип жатканын билдирген. Экстрадициялоо боюнча кайрылуу жиберилгени жөнүндө тактоо иретинде суроого ИИМ Башкы прокуратура менен биргеликте Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча өтүнүч жиберилгени маалымдалды. Калган жагдайлар боюнча министрдин орун басары иликтөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук маалымат бере албастыгын билдирди.

Ошол  эле  күнү  Башкы  прокуратуранын  басма  сөз  кызматы ИИМдин Камила Дүйшебаеванын  өлүмү  боюнча  күбө К.Элтуйбасовду экстрадициялоо боюнча өтүнүч АКШга жөнөтүлгөн  деген  бил дирүүсүн  төгүндөдү.

«Кыргызстан менен АКШнын ортосунда экстрадициялоо жөнүндө макулдашуусу  жок  болгондуктан  жогоруда  аталган  жаранды экстрадициялоо  боюнча  өтүнүч АКШнын тийиштүү органдарына жиберилген эмес. ИИМ тарабынан К.Элтуйбасов боюнча экстрадиция  тууралуу  тийиштүү  материалдар Башкы прокуратуранын дарегине  келбегендигин  белгилеп кетүү зарыл», — деп айтылат маалыматта.

ИИМ ичинен тазалануусуна журналисттердин жардамы чоң

Өткөн  аптада  Президент Сооронбай  Жээнбеков К.Жунушалиевди кабыл алганда таза эмес кызматкерлерден арылууну,  милицияга  болгон  ишенимди  калыбына  келтирүүнү тапшырган.  Буга  себеп,  кийинки убакта тартип сакчылары үрөй учурган кылмыштарды кылганы боюнча бир канча факт катталган болчу.

Жыйында бул жагдайга токтолгон К.Жунушалиев милиция кызматкерлери аралашкан кылмыш иштеринин ачыкка чыгышын ириде ички иликтөө кызматынын ишинин натыйжасы деп түшүндүрдү. Ал милициянын атына көө жапкан  кызматкерлерден  тазалануу ачык-айкындыктан  башталарын айтты. Ошондой эле министр тазаланууда журналисттердин жардамы  абдан  чоң  экенин  айтып өттү.

– Мыйзам, тартип бузган кызматкерлер тууралуу маалыматтар чыкканда анын баарын көзөмөлгө алып, алардын жетекчилеринен, ички иликтөө кызматынан сурайм. Пара талап кылып жаткан кызматкерлер кармалды. Бул биздин ички иликтөө кызматыбыздын ишинин натыйжасы. Эгер биз аларды кармабасак, силерге ачык-айкын жарыялабасак,  башкаларга  окшоп жашырсак, анда «кызматкерлерге тарбия беребиз, ичибизден тазаланабыз» деген аракетибизден майнап чыкпай калбайбы, – деди ал.

К.Жунушалиев  министрлик ЖМКлар үчүн ачык экенин белгилеп, коомчулуктан, журналисттерден тазаланууга жардам жана колдоо күтө турганын жашырган жок.

– Биздин кызматкер зордуктоо боюнча айыпталып кармалып жатат. Аны биздин ички иликтөө кызматыбыз кармап жатат. Эгер биз аны жашырып койсок, билинбей калмак да. Биз андайга барбайбыз, – дейт министр.

Мындан  сырткары  министр кадр саясатына, реформага, ротацияга  байланыштуу  суроолорго жооп берип, бул багыттарда да натыйжа болорун ишендирди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *