Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамы каралат

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынынын күн тартибине “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо» жөнүндөгү мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр киргизилген. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр 17-майда экинчи окууда добуш берүүгө жиберилген. Мыйзам долбоордо шайлоо күнүн 15-октябрга белгилөө, президенттикке талапкерлердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү, «шайлоо босогосун» 7 пайыздан 9 пайызга жогорулатуу, байкоочуларды саясий партиялардыкы жана коммерциялык эмес уюмдардыкы деп экиге бөлүү сунушталган.

Эгер бүгүн парламент 15-октябрды шайлоо күнү деп белгилесе, БШК 15-июндан тарта президенттикке талапкерлерди расмий каттоону баштайт.