Саламаттыкты сактоо министрлиги Италияга эс алууга жиберилген эсеп палатасынын кызматкери тууралуу жооп кылды

Башкы прокуратура УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы менен биргеликте Эсеп палатасынын Башкы мамлекеттик инспектору 2017-жылы Саламаттык сактоо министрлигине текшерүүгө барып, андан ары министрликтин эсебинен Италияга барып келгендигин, бул үчүн 459,8 миң сом чыгымдалганын аныктап чыгышкандыгы тууралуу маалымдаган.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги донорлор тарабынан каржыланган SWAр долбоорун ишке ашырып жатканын, Эсеп палатасынын инспектору ошол долбоордун алкагында окууга жиберилгенин айтууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин жообуна караганда, министрликтин 2017-2018 — жылдарга сатып алуу планында мекеменин, ФОМСтын, тышкы финансы структураларынын (Эсеп палатасынын, Финансы жана экономика министрликтеринин) адистерин окутуу, алардын финансы маселелери, саламаттык сактоо тармагында аудит  жүргүзүү боюнча потенциалын жогорулатуу да каралыптыр.

“Саламаттык сактоо министрлиги Эсеп палатасына окуу курсуна жиберчү талапкерди аныктоо  тууралуу кат жөнөткөн. Андан кийин Министрлик сатып алуу планы боюнча чыгымдарды бекитип берүү,  Эсеп палатасынын адисинин талапкерлигин жактыруу тууралуу донорлорго кат жөнөткөн. Ошондон кийин ал окуп келди”,-деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. (ТА)