Алтынай Өмүрбекова: Өткөн жыл кыргыз спорту үчүн жемиштүү болду

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын улуттук командасы өткөн жылы Спорттук күрөштөн Азия чемпионатында чоң ийгиликке жетишти. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, бүгүн, Жогорку Кеңештин «Кыргызстан»  фракциясынын жыйынында билдирди.

 Анын айтымында, күрөштүн бул түрү боюнча балбандарыбыз Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу командалык эсепте  биринчи орунду ээледи. Ошондой эле  ал  2018-жылы республикабызда ири масштабдагы эл аралык спорттук-масссалык иш-чаралардын өткөрүлгөнүн белгиледи. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты ийгиликтүү уюштурулду.

Улуттук спорттун 37 түрү боюнча өткөрүлгөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 72 өлкөдөн жана Россиянвн 12 субъектисинен  1986 адам катышты. 103 медалды (40 алтын, 32 күмүш, 31 коло) жеңип алып, кыргызстандын курамасы биринчи орунду ээледи.

Ал эми 20 өлкөнүн 320 спортчусу катышкан Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын курамсы 11 медалды (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло) ээлешип. 1-орунга татыктуу болушкан. (НБ)