Коррупция менен ар бирибизге күрөшүүгө жол ачылды

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Эгемендик жылдарында этегибизге эрмешип, жакабызга жармашып кирип келген коррупциянын кирдүү буту аралап жүрбөгөн бир дагы мамлекеттик орган, мекеме калбай калгандыгы өкүнүчтүү. Атүгүл өзүнчө эле коррупциялык институт калыптанып, аны айланып өтүүгө мүмкүн болбой калгандыгы да жашыруун эмес. Буга күйүп-бышкан “Кыргыз Туусу” гезити кыйла мезгилден бери “Кайда караба коррупция” деген рубрикасынын алдында, бир катар олуттуу макалаларды, аналитикалык иликтөөлөрдү жарыялап келет.

Күрөш катуулады

Айта  кетүүчү  нерсе  буга чейин  деле  бийлик  башына  кимдер  келбесин  оозуна  биринчи  келген  сөзү  ушул коррупция  менен  күрөшүү  болчу. Президент Сооронбай Жээнбековдун  өзүнө  чейинкилерден  айырмачылыгы коррупция менен күрөшүүнү мамлекеттик деңгээлде системалык жолго салып, аны менен күрөшүүгө жалпы элди тартуу саясатын жүргүзүп жаткандыгында.

Бул багытта Президент жакында эле «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоого, коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген жарандарды куугунтуктоодон коргоону камсыз кылууга калктын мамлекетке жана анын түзүмдөрүнө болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган.

Көп  жылдык  тажрыйба  көрсөткөндөй  коррупция  менен  күрөшүүнү  бир  гана  тиешелүү  укук коргоо  органдарына  жүктөп  коюу натыйжа бербейт экен. Тескерисинче, коррупция менен күрөшмөк түгүл, анык коррупциянын уюгуна айланып кетишкендиктери, мамлекеттик органдарга болгон элдин ишенимин сууткан. Жөнөкөй айтканда карапайым эл кайда барып, кимден адилеттик табаарын билбей калган. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбеков аттанганда эле “Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койгондугу, андан бери коррупцияга каршы бир катар чечкиндүү кадамдар жасалгандыгы белгилүү.

Бул “тоголок арыз” эмес…

Эсибизде  СССР  кезинде  мындай бир практика бар болчу. Ал учурда мындайды “тоголок арыз” деп коюшчу. Аты жөнүн жазбай, кайсы бир жетекчинин жеген-ичкени тууралуу жогору жакка “тоголок арызды” тоголотуп жиберишчү. Анан  көрүп  ал,  кайдан-жайдан  келген текшерүүчүлөр  басып  калышып,  ызы-чуу түшүп жатып калаар эле. Андайларды эл деле билип, “арызчы” дешип жаман көрүшсө, жетекчилер кадимкидей сестенип турушчу. Кийин Компартия “тоголок арызды” адамдык абийирге жатпаган жат көрүнүш катары жоюп жиберген. Анын үстүнө СССР кезинде коррупция мынчалык деңгээлде эмес эле. Көбүнчө “тоголок арызчылар” жакшы иштеп жаткан жетекчилерди жаман аттуу кылуу, көрө албастык, ич күйдүлүк негизде, башкача айтканда жеке кызыкчылыктарын көздөп жазыша тургандыгы да белгилүү болчу. Чыны менен жагымсыз эле.

Бүгүнкү кырдаал башка. Өлкөдөгү коррупциянын масштабы, ар бирибизден аны менен ачык-айкын күрөшүүнү талап кылууда. Экинчи жагынан “коррупция эле коррупция” деп кыйкыра бербей, жарандар дагы аны менен күрөшүүгө толук мүмкүндүк алып отурат. Башкача айтканда, Президент Сооронбай Жээнбеков айткандай коомдо коррупционер эл аралап басып жүрө албагандай кырдаал түзүлүшү аба-суудай зарыл. Жалпы элдин колдоосу болбосо, ага каршы келишпестик менен күрөшпөсөк туташ каптап кеткен коррупцияны жеңүү кыйын. Аталган мыйзам, жарандардын дал ушундай кадамдарын укуктук жактан колдоого жана коргоого багытталганын айттык.

Эми, жеке жарандардын коррупцияга каршы күрөшүүсү, аларды коргоо дүйнөлүк укук тажрыйбасында кандай каралган ушуга токтолуп көрөлү.

Кытай…

Кытайда  ири  коррупциялык  көрүнүштөрдүн 60-70 пайызы жарандардын билдирүүсү аркылуу ачылат экен. Ошондой эле Кытайда коррупция тууралуу билдирген жарандарды укуктук жактан коргоонун кылымдардан бери келаткан бай тажрыйбасы бар. Тагыраагы жарандардын билдирүүсү, прокуратура органдарынын коррупция менен күрөшүүсүнүн эң маанилүү таянычы катары каралат. Мындан тышкары Кытай мыйзамдарында бардык уюмдар жана жарандар тигил же бул коррупциялык шектүү көрүнүштөр тууралуу тиешелүү органдарга билдирүү укугуна ээ жана милдеттүү экендиги айтылат.

Мыйзамга ылайык коррупция фактылары жөнүндө билдирген жарандардын маалыматын кылмыш ишинде далил катары пайдаланууга мүмкүн болбосо, ал маалыматты берген жаран тууралуу бардык маалыматтар жашыруун сакталып, ал тууралуу эч кандай маалымат берилбейт. Айта кетүүчү нерсе Кытайда баарыдан мурда мамлекеттик кызматтарга бара турган адамдарды миң электен өткөрүп туруп анын дайындоо практикасы доорлордон бери жашап келатканы да кызык.

Канада…

Кыргызстанда бийлик – бул байуунун булагы болуп калганын жакшы билебиз. Мамлекеттин ресурсуна жетүү, кыска убакыттын ичинде тири укмуштай байып кетүүгө шарт түзүп калган. Көз көрүнөө байпагы манат болуп чыга келишкен мындай бийлик адамдары, элдин жек көрүүсүн пайда кылмак түгүл, тескерисинче урматтоосун пайда кылган деңгээлге жетип калганбыз. Ал эми бийлик адамынын эл алдындагы жоопкерчилиги, дегеле мамлекеттик кызматкердин жүрүм-турум эрежеси эбак унутта калган. Мындай көрүнүш коррупциянын гүлдөп өсүшүнүн очогу.

Ошол эле учурда коррупция менен күрөшүүнүн дүйнөлүк практикасында, эң биринчи мамлекеттик кызматкердин этикасын калыптандыруу, ал аркылуу коррупцияга жол бербөө өтө маанилүү кадамдардан болуп эсептелет. Атүгүл бүтүндөй бир мамлекеттин күндөлүк саясатынын негизин түзөт.

Бүгүнкү күндө коррупцияны дээрлик ооздуктаган Жаңы Зеландия, Дания, Сингапур, Швеция, Финляндия, Нидерланды, Австралия, Канада, Исландия өңдүү дүйнөнүн он алдыңкы мамлекетин алып көрсөк, булардын ар биринде мамлекеттик кызмат этикасына башкы көңүл бурулуп, атайын мыйзам актылары аркылуу көзөмөлгө алынган.

Айталы, Канада. Бул өлкөдө Мамлекеттик кызматкердин этикалык баалуулук Кодекси кабыл алынган. Анда мамлекеттик кызматкерлерге коюлган талап, алардын жүрүм-турум эрежеси, моралдык, этикалык жоопкерчилиги, эл менен иштөөдөгү ачык-айкындыгы камтылган. Бир жеринен жаза бассаң бүттү, элге күлкү болуп, коомчулукка батпай каласың. Айыбы ачылган андай кызматкер тууралуу коомчулукка дароо жарыяланып, кийин аны бир дагы мамлекеттик органдар, жеке менчик ээлери кызматка албайт экен. Кыскасы көчөдө калат. Ошону менен мамлекеттик кызмат адамдарынын тазалыгы эч кандай коррупциялык көрүнүштөргө жол бербейт.

Демек, Кыргызстанда баарыдан мурда бийликке таза, тажрыйбалуу адамдардын келишин камсыздоонун мыйзамдык механизмдери жеткиликтүү иштелип чыкмайын, мамлекеттик кызматкерлердин ишмердүүлүгү Канада сыяктуу коомчулуктун көзөмөлүндө турмайын коррупция менен күрөштө ийгиликке жетишибиз кыйын.

Швеция…

Швецияда  коррупция  менен күрөшүүдө мамлекеттин тигил же бул кадамы коомчулуктун, маалымат каражатттарынын көзөмөлүндө болушуна мыйзамдык негиздер түзүлүп, ЖМКлардын маалыматына айрыкча маани берилет. Швециянын ЖМКларында коррупциялык көрүнүштөр, коррупцияга аралашкан кандай даражадагы кызмат адамы болбосун көзүнө карабай сындап, коомчулукка алып чыгуу салты калыптанган. Бул өлкөдө бизнес полицияга караганда журналисттерден катуу чочуп турушат. Эгерде кайсы бир компания, кайсы бир коррупциялык иши боюнча ЖМКларга сындалып чыкса, бүтүндөй коомчулуктун алдында абийири айрандай төгүлүп, репутациясына доо кетет. Бул бизнес өкүлдөрү үчүн айып пул төлөгөнгө караганда өтө оор сокку болуп эсептелет.

Себеби,  коррупция  тууралуу ЖМКлардын ар бир маалыматы укук коргоо органдары тарабынан дароо текшерүүгө алынып, эч качан жоопсуз же жазасыз калбайт. Ошол эле учурда Швециянын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык   коомчулуктун  күмөнүн туудурбайт.  Мындан  тышкары  бул өлкөдө  коррупциялык  тобокелчиликтин  алдын  алууга  багытталган коомдук уюмдардын бирикмеси өтө таасирдүү.

Корея…

Кыргызстанда  санариптик “Бирдиктүү терезе” системасы киргизилди. Байкап көрсөк мындай кадам коррупциянын алдын алуунун башкы таянычы болуп калчудай. Өкүнүчтүүсү биз эми киргизип жатсак, Түштүк Кореяда эбак эле күндөлүк жашоо нормасына, башкача айтканда “ачык-айкындык” маданиятына айлантып алышыптыр. Ага ылайык «OPEN» аталган онлайн системасы аркылуу жарандардын бийлик администрациясына кайрылуу арызы кандай каралып жана чечилип жаткандыгы коомчулуктун көз алдында турат.

Маалыматка жетүүнүн ачыктыгы чиновник менен жарандын жекече байланышын чектеп, кандайдыр бир коррупциянын келип чыгышына мүмкүндүк берилбейт. “Бирдиктүү терезе” санариптик байланышын киргизип жаткан Кыргызстандын көздөгөнү да ушу. Ал эми Кореянын практикасында мындай кадам чиновниктердин арасында коррупциянын деңгээлин 6 эсеге азайтыптыр.

Баарынан кызыгы Кореянын мыйзамдары боюнча коррупциялык иштерди ар бир жашы жеткен жарандардын иликтөөгө алышына укук берилиши болуп саналат. Дүйнөнүн оозун ачырган мындай практика учурда көпчүлүк өлкөлөр тарабынан кызуу талкууланууда. Же болбосо Кореянын Аудит жана инспекция комитети (өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматы) ар бир жарандын айыптоосу боюнча тиешелүү иликтөөлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү.

Жыйынтык

Ток этерин айтканда кабыл алынган «Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө» мыйзамы Кыргызстандагы коррупциянын тамырын так кесүү багытындагы бурулуш болуп калаарына көзүбүз жетип турат. Себеп дегенде, коррупциянын түктүү кулагы кайсы жерлерди аралап жүргөнүн эл жакшы билет. Болгону ага каршы күрөшүүдө элди тартуунун укуктук жол-жобосу, коррупция тууралуу маалымат берген жарандарды коргоо, жашырындуулугун, коопсуздугун камсыз кылуунун мыйзамдык таянычы жок эле. Эми бар. Мындан тышкары коррупция тууралуу маалымат бергендиги үчүн мыйзамда көрсөтүлгөндөй сый акы берүү (коррупциялык каражаттын үчтөн бир бөлүгү) жагы да каралган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *