Казакстанда мунайкомпания жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты

7-февралда Батыш Казакстан облусунун Аксай шаарындагы KKS-SICIM компаниясынын жүздөгөн жумушчулары нааразылык акциясына чыгышты. Алар айлык акы менен жумуш шартына ыраазы эмес.

– Биз вахта ыкмасы менен иштейбиз. 28 күн жумуштабыз, 14 күн эс алабыз. Жаңыкалаа районунан Аксайга келип иштейм, ортодогу аралык 400 чакырым. Ботондоочумун жана айлыгым – 160 миң теңге. Маянам үй-бүлөмду багууга жетпейт, – деди атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

Компаниянын аткаруучу директору Алтын Кулбаева үч саатка созулган нааразылык акциясынан кийин эки тарап бир пикирге келгенин билдирди.

– Нааразылык билдирген жумушчулар айлык жана жумуш шартына байланыштуу буга чейин арызданышкан эмес. Эмне үчүн күтүүсүздөн акцияга чыгышканын билбейм. Чогулгандар 160-250 миң теңге айлык алышат. Ар бир жумушчу менен жеке сүйлөшүп, маяналарын жогорулатууну чечтик. Айлык акы канча пайызга көбөйө турганын айта албайм, коммерциялык сыр, – деди компания өкүлү.

“Азаттыктын” казак кызматы менен маектешкен жумушчу компания маянаны 50 пайызга жогорулатууга убада бергенин айтты.

KKS-SICIM – мунай жана газ тармагында кызмат көрсөткөн компания.