Калк үчүн маалымат: Өрт коопсуздугун сактоо эрежелери

ӨКМ өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо керек экендигин эскертет. Бул тууралуу ӨКМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Кышкы өрткө кооптуу мезгилде өрттүн чыгышынын алдын алуу үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо зарыл:

—         бузук мештерди жана морлорду колдонбогула;

—         от жагуучу мезгилге чейин адамдардын өлүмүн жана жаракат алуусун болтурбоо үчүн мештерди жана морлорду чаңдан жана көөдөн тазалоо керек;

—         бузук электр орнотмолорун (розеткаларды, вилкаларын, өчүргүчтөрдү) колдонбогула;

—         колго жасалган жылытуучу электр приборлорун колдонбогула;

—         күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабагыла;

—         балдарды кароосуз калтырбагыла;

—         күйүп турган тиричилик электр буюмдарын, радио, телеаппаратураларын, газ плиталарын кароосуз таштабагыла;

—         электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпогула.

 Өрт коопсуздугунун көрсөтүлгөн пункттарын сактагыла, муну менен Сиз өзүнүздүн турак-жайынызды, мүлкүнүздү сактоо менен өрт учурунда адамдардын жаракат алуусунун жана каза болуусунун алдын аласыз.