Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган

Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча Өкмөттүн маалыматы угулду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган жыйында экономика министри Олег Панкратов отчет берип, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Понкратовдун айтымында, Ушу тапта дүйнөдө түз инвестициялардын көлөмү түшүп жатат. Анын башкы сесбеби кирешелердин төмөндөшү менен айрым мамлекеттердин бири-бирине киргизген санкциялары болууда. Мисалы, өткөн жылы экономикасы өткөөл мезгилде турган өлкөлөргө инвестициялардын тартылышы 27 пайызга азайган. Мындай абалдан Кыргызстан да четте калган жок.

«Өткөн жылдын 9 айында Кыргызстанга инвестициянын келиши 344 млн долларды түзүп, андан мурдагы жылга салыштырмалуу 31,5 пайызга азайган. Ал ами ушул мезгилде Кытайдан 127 млн доллар келсе, КМШ өлкөлөрүнөн келген инвестициялардын көлөмү 56 млн доллардын чегинде болду. Инвестициянын келишине жергиликтүү тургундардын инвесторлорго каршылык көрсөтүп жатышы, Бишкек ЖЭБи сындуу чуулгандуу соттук иштер да кошумча тоскоолдуктарды жаратып жатканын жашырууга болбойт», — деп кошумчалады ал.

Фракция башчысы Иса Өмүркулов министрди болбогон сөздү айта бербей, өткөн жылы Кыргызстанга канча инвестиция тартылганы, инвестиция тартуу жаатында кандай аракеттер жасалганы боюнча так маалымат берүүгө чакырды. «Сиз телеканалдан чыгып сүйлөп жаткан жериӊиз жок, бул жерде маселенин маӊызы тууралуу гана айтыӊыз. Мисалы, Кыргызстандын ЕАЭБ курамына киргенине 3 жылдан ашты, менимче, анын алкагында деле жарытылуу иш жасалган жок же жылыштар барбы?», — деди ал.

Экономика министри ушул мезгил аралыгында 244 ишкана түзүлүп, цемент, кыш, турмуш-тиричилик техникалары, май сындуу өнүмдөр өндүрүлө баштаганын билдирди.

Депутат Анвар Артыков инвестициянын түшүп кетишинин башкы себеби – анын айланасында жүргөн алдым-жуттумдардын артындыгы экенин баса белгиледи. «Өткөн жылы инвестициянын азайышынын негизги себеби сиз айтып жаткандай эмес, алдым-жуттумдардын көптүгүндө байланыштуу болууда. Силер инвестиция тартпай эле, тескерисинче анын келишине тоскоол болуп жатасыӊар. Эгер сиздин баяндаманы курстук иш катары карасак, анда ага «эки» деген баа койсок болот», — деди ал.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *