Тогуз-Торонун тоо гүлдөрү жыттанган ырчысы – Гүлгаакы Сагындыкова

Анара АРЗЫБАЙ кызы, «Кыргыз Туусу»


Бүгүн биз белгилүү ырчы, таланттуу обончу, “Эл ырчысы Эстебес” фольклордук тобунун мүчөсү – Гүлгаакы Сагындыкова тууралуу сөз кылып, анын бейнесин ачып берүүгө аракет кылмакчыбыз. Г.Сагындыкова коомчулукка “Ата энеңди көзү барда сыйлай жүр” аттуу чыгармасы менен таанылган. Ошондой эле, анын “Ансыз да өмүр кыска”, “Пейилдерди түздөйлүчү”, “Кудай дейм” өңдүү ж.б. ырлары, термелери, насаат ырлары коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып келет. Ырчынын 40тан ашык обондору бар. Мыскал Өмүрканова атындагы жана “Маданияттын мыкты кызматкери” сыйлыктарынын ээси. Үй-бүлөөлү, эки баланын мээримдүү энеси.

Жайкалган жайлоо, жайнаган чымындык гүл

Гүлгаакы Сагындыкова – 1973-жылы Тогуз-Торо районунун Атай айылында төрөлгөн. Балалыгы, окуучулук күндөрү ушул айылда өткөн. Орто мектепти аяктагандан кийин, өнөр дүйнөсүнө, чыгармачылыктын ааламына да, дал ушул айылдан аттанган. Ырчы туулган жерин эстегенде, жайкалган жайлоо, аттын белине чейин буралып өскөн чөптөр, жаз алды менен жайнап чыккан “чымындык” гүлдөр көз алдына тартыларын айтат. “Биз таза абада дем алып, таза сүт, каймак жеп тоо койнунда өстүк. Атам балчы болгондуктан, жайкы каникулга кандай чыксак, ошондой жайлоого жөнөчүбүз. Ал кезде жайлоодогу чөптөр адамдын бою менен бирдей болуп бийик өсчү. Ат менен араң аралачубуз. Анан дагы май айы келгенде мектеп окуучулары тоого экскурсияга барчубуз. Кеч киргенге ойноп, кымыздыкка, ышкынга жана балтырканга тоюп, кайтып келатканда жайнаган кызыл гүлдөрдөн кучагыбызга батпай калганча терип (машинабызды да кооздоп), ырдаган боюнча келчү элек. Ал эми “чымындыктын” маалы бүткөндө июнь айында Тепши деген жайлоодо сары гүлдөр гүл аччу. Алыстан караганда гүлгө оролгон капчыгай сапсары болуп көрүнүп турчу. Мына ушул элестер менин эсимден эч качан чыкпайт”, – дейт Г.Сагындыкова.

Ырчылык өнөр кимден өткөн

Ырчы 12 бир тууган. 6 кыз, 6 эркек. Атасы Сагындыков Жолдошбек, апасы Сагындыкова Батыш айылдагы эң абройлуу, сөзү сөөлөттүү, өзү дөөлөттүү инсандар. Учурда уул-кыздарынын урмат-сыйына бөлөнүп, бактылуу карылыкты баштарынан кечирип жаткан чактары. “Ырчылык өнөр мага атамдан өткөн деп билем. Себеби, атам жаш кезинен комузду мыкты чертип, мыкты ырдайт. Ырдаган жагынан апам да атамдан артта калбайт. Ошондой болсо да, ырчылык, обончулук талант атамдан берилген деп эсептейм. А бирок, комузду мектепти бүтүп, шаарга келгенден кийин Медербек Исаковдеген агайдан үйрөнгөм. Ал эми вокал боюнча Улукмырза Полотовдов сабак алгам. Бул кишинин талантына таазим. Азыркы ырчы-чоорчулардын дээрлик көбү мына ушул агайдын билимин алгандар. Учурдан пайдаланып, устатыма узак өмүр тилеп кетем”.

Германиядагы чыгармачылык жолугушуу

Чыгармачылыктагы чыйыр жол

Каарманыбыз чыгармачылык жолун мындан 18 жыл мурда баштаган. Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөндөн кийин эле, 2001-жылы Кыргыз улуттук филармониянын алдындагы “Эл ырчысы Эстебес” тобуна келген. Төкмө акын Эстебес Турсуналиев менен 4 жыл чогуу иштешип, агайдын таалим-тарбиясын алган. “Ал киши ушунчалык оор басырыктуу, сыпайы болчу. Аз убакыт болсо да бир жамаатта иштешип калганым үчүн сыймыктанам”, – дейт ырчы. Эстебес агайдан кийин топтун жетекчилери бир нече жолу алмашты. Бирок, Гүлгаакы Сагындыкова дарак бир жерден көгөргөн сыяктуу, “Эл ырчысы Эстебес” тобунун арабасында гана чыгармачылыктын түйшүгүн да, ырахатын да көрүп келатат.

Алгачкы ак жолтой ыр

“Ата-энеңди көзү барда сыйлай жүр”. Мына ушул ыр Гүлгаакы эженин визиттик карточкасы. Репертуарындагы эң алгачкы чыгарма болгондугуна карабастан, ал абдан ийгиликтүү жаралган. Бул ыр жаңыдан чыкканда биз мектеп окуучулары элек. Ал убакта  азыркыдай  музыкалык  каналдар жок. Интернет, ютуб дегенди билчү эмеспиз. Айылда болгону ОРТ, РТР анан КТР деген 3 канал тартчу. Алтынчы, дем алыш күндөрү кечкисин арноо концерт болчу. Ошол берүүнү чыдамсыздык менен күтөөр элек. Анткени, арноо концерттин аягында эң популярдуу, азыркы тил менен айтканда хит болуп жаткан ырларды беришчү. Гүлгаакы Сагындыкованын жогоруда аталган ыры да бир учурда, ошол арноо концерттин соңку бөлүгүндө берилип, берүүнү жыйынтыктап жүрдү.

Клиби дагы кыргыздын ырым-жырымдарын камтыган, ата-энени сыйлап жүрүүгө үндөгөн мыкты эмгек болгон. Айтмакчы, клиптин идеясы, сценарийи Гүлсина Чотоновага таандык экен. Гүлгаакы эженин аткарган ырларына баам салып, байкасак, адеп-ахлакка чакырган ары салмактуу, мазмундуу, орундуу чыгармалар экен.

Шыктануу, эргүү…

«Эл ырчысы Эстебес» тобу

Г. Сагындыкова ырчылык, аткаруучулуктан сырткары, обон дагы жазат. Бүгүнкү күндө 40тан ашык обондору бар. Учурда Мээрим Карыпованын аткаруусундагы “Билбейм” аттуу ырдын обону дал ушул биздин каарманыбыздын калеминен, дараметинен жаралган. Андан башка дагы бир топ көрүнүктүү ырчылар аткарып жүрүшөт. Ал эми “Ансыз да өмүр кыска” деген чыгарманын сөзү да, обону да Гүлгаакы эжеге таандык. “Композиторлордун көбү обон жазып алып анан ылайыктуу сөз издешет. Ал эми мен биринчи сөз издейм. Купулума толгон, жакшы сөз таап алсам шыктанам, ошого жараша обон жаратам. Алгачында мен обон жаза аларымды билчү эмесмин. Ал тургай өзүмдүн обонум деп айткандан айбыгар элем. Иш учурунда кыңылдап калсам, жанымдагылар: “Кайсы ыр, кимдин обону? – деп сурап калышса оңтойлоп жооп бере албай далбастап калчумун”, – дейт ырчы. Айтымында, ал обон жазарда ага эч ким жолтоо болбошу керек. Качан гана жалгыз калганда эргүү келет.

Жеке концерт

Гүлгаакы  Сагындыкова  2015-жылы “Пейилдерди түздөйлүчү” деген аталышта жеке концертин берген. Эми кудай буюрса, ушул жылдын июнь айларында экинчи ирээт отчеттук концертин берүүнү максат кылып, жаңы ырларды жаздырып, клип-терди тарттырып, тынымсыз иштеп жаткан учуру.

Жеке ой

Чыгармачылыктын казанында 20 жылга чукул кайнап келаткан ырчынын сыйлыктары жөнүндө сурасам: “Менден алда канча улуу, тажрыйбасы мол таланттар өз баасын албай жүргөндө, мен унчукпай эле коеюн. Негизи менин жеке оюм боюнча, мамлекеттик наамдарды, сыйлыктарды мамлекеттик мекемелерде иштегендерге, эмгеги сиңгендерге бериш керек. Бирок, бизде андай эмес. Эң өкүнүчтүүсү ошол”, – дейт.

Сөз соңунда Тогуз-Торонун тоо гүлдөрү жыттанган ырчысы Гүлгаакы Сагындыковага  чыгармачылык  албан  ийгиликтерди каалайбыз. Эмгегиңиз менен элдин эсинде, кызматыңыз менен калктын жүрөгүндө болуңуз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *