Четверг, 25 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Жагымсыз жарнамаларды ким көзөмөлдөйт?

Ооба, азыр жаштардын көбү интернет ааламына сүңгүп телевизор көрбөй калганы ырас. Ошентсе да, азыр ар бир үйдө эртели-кеч телевизор тиктеген орто, улуу муун өкүлдөрү бар. Аларга телефон тиктегенден көрө, чай үстүндө дүйнө жаңылыктарын, кыргыз кинолорун телевизордон көргөн өзүнчө ырахат. Анын үстүнө акыркы убактарда кыргызча жакшы тасмалар, сериалдар тартылып алар белгилүү бир убакытта мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлүп жатат. Технологиялар өнүгүп, видеорынокто атаандаштык күч алганына жараша тележурналисттер, жаш режиссёрлор, операторлор да изденип, айрым телеканалдарда көрөрмандарды өзүнө тарта турган телеберүүлөр пайда боло баштаганы кубандырат. Бирок, учурда телевидениедеги үнү таш жарган, жадатма, кайталанма жарнамалар көрөрмандардын көөнүн айнытып келет. Ошондон улам мындай тележарнамаларды кантип азайтып, аларды көрөрмандарга ылайыктуу, жагымдуу кылсак болот деген суроого жооп издедик.

Ашыкча децибел ден соолукка зыян

Негизи адам үнү, дабыш, музыка, көчөдөгү ызы-чуу, фильм сыяктуу кулакка угулган нерселер физикада децибел бирдиги менен өлчөнөт. Адамдын шыбыроосу 25-30 децибелдин тегерегинде болсо, турак үй ичиндеги адамдын угуу органдары үчүн жагымдуу норма 40 дБ болот. Эки адамдын кадимки сүйлөшүүсү 45 децибел болсо, алардын катуу үн чыгарып баарлашуусу 65-70 децибел экени анык болгон. Ал эми бөлмөдөгү балдардын, адамдардын ашыкча ызы-чуусу 75 децибелди берет. Ошондуктан 75-80 децибелден жогору үндөрдү угуу адам үчүн зыян. А үндүн катуулугу 120 децибелге жеткенде адамдын кулагынын тарсылдагы жарылып кетиши ыктымал.

Эми телерекламаларга келсек, телевизор үнүнүн орточо катуулугу 75 дБ, а эң катуу тележарнама 105 децибелге чейин барат. Ошол эле кезде эң акырын жарнама 78 децибелди түзөт. Адам бир суткада кеминде 3-4 саат телевизор көрсө, ал ортодо 10-15 жолу жарнама болот. Ар бир жарнама сайын телевизор үнү 20-30 децибелге чейин көтөрүлүп турат. Медицина кызматкерлеринин айтымында, үндүн мезгил-мезгили менен мындай кескин жогорулап турушу угуу органдарына тескери таасир этип, адамдын кан тамырларынын бузулушуна жана гипертонияга алып келет. Ошондой эле ар бир кошумча 10 децибел кан басымды жогорулатып, 10 пайыз инсульт, 5 пайыз жүрөктүн коронардык ооруларын пайда кылуу тобокелчилигин жаратат. Буларды мисал кылганыбыз, учурда Кыргызстандагы телевидение, радиодо кулак жарган жарнамалар өтө көп. Бирок, аны тескеп, текшерген, жөнгө салган мамлекеттик орган деле жоктой.

Мыйзам бар, аткарган эч ким жок

Башка өлкөлөрдөгүдөй эле “Жарнамалар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесинин 1-бөлүмүндө “Жүрүп жаткан теле, радиоберүүлөрдүн үнүнөн 1,5 децибелге үнү жогору жарнамаларды жайгаштырууга тыюу салынат” деп ташка тамга баскандай жазылып турат. Бирок, бул мыйзамды өлкөдөгү телеканалдар аткарышпайт. Жакшы бир телеберүү же кинолордун ортосуна азыр үнү 1,5 децибел эмес 15-20 децибелге айырмаланган жарнамаларды жайгаштырып коюшкан. Анысы кино бүткүчө 5-6 жолу кайталанып адамды жинди кылат. Кыргыз телеканалдарындагы жарнамалар “бакырганда” улгайган адам, наристелер эле эмес, орто курактагылар чочуп кетет. Бул көйгөй боюнча кыргызстандыктар эч жакка кайрылбайбы же каякка арызданышарын билбейби, айтор, ушул мезгилге чейин муну маселе катары көтөргөн деле киши болгон жок. Болбосо, бул жергиликтүү кеңеш депутаттары, Жогорку Кеңеш, адам укугу деп кыйкырган “укук коргоочулар” көтөрө турган олуттуу маселе. Себеби, “таштын жаракасынан чыга калгансыган” мындай кулак-мээни жеген теле, радио жарнамалардан жүздөгөн, миңдеген кыргызстандыктар жабыр тартып жатышат. А телеканалдар рынок экономикасында “жарнамаларсыз жашай албайбыз” деген шылтоону бетке кармашат.

Башкалардай иштей албайбызбы?

Бул көйгөйдү башка өлкөлөр атайын мыйзамдар менен эбак чечип алышкан. Алсак, Улуу Британияда 2008-жылдан тарта жарнамалардын үнүн кадимки телеберүүлөрдүкүнөн ашырбай турган тележарнамалар жөнүндө кодекс иштейт. Мындай эреже Улуу Британиянын жарнамалык стандарт боюнча башкармалыгына телекөрүүчүлөрдөн байма-бай арыздар түшө бергендиктен улам киргизилген. А 2012-жылы Канаданын радио, телевидение боюнча комиссиясы жарнамалык блоктордун үнүн азайтууну талап кылган эрежени кабыл алышкан. Ошол эле жылы АКШнын коммуникациялар боюнча федералдык комиссиясы да ушундай эрежени киргизген. Мындай норма Германияда да бекитилип, жеке жана мамлекеттик телеканалдар жарнамалык роликтердин үнүн басаңдатууга милдеттендирилген. Ошондой эле Европа өлкөлөрүндө жарнаманын үнү негизги программалардын үнүнөн бир аз төмөнүрөөк. Ал эми катуу үндөрдөн чочуй тургандарга жарнама болгон учурда үндү автоматтык түрдө 20 децибелге төмөндөтүп бере турган атайын жабдыктар иштелип чыккан.

А бизде атайын мыйзам кабыл алынганы менен телеканалдар каалаган жарнамасын элге таңуулап, калк саламаттыгына олуттуу зыян тийгизип жатат. Бирок, негедир бул боюнча “Кыргызстандарт”, Санариптик өнүктүрүү министрлиги,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш кылганын көргөн жокпуз. Аталган үч кызматка тең байланышып ынанарлык жооп ала алган жокпуз. “Тактап сизге жооп беребиз” деген жоопту узаткан Санариптик өнүктүрүү министрлигинин уставында болсо “радио жана телекөрсөтүү министрликтин компетенциясына кирет” деп ачык-айкын жазылып турат.

Бизге Россиядагыдай катуу мыйзам керек

Эл аралык эксперттер тележарнамалар 45 мүнөттө бир жолу гана берилиши керектигин айтышат. Тилекке каршы, Кыргызстанда 45 мүнөттүк кинолордун же телеберүүнүн ортосунда кеминде 2-3 жарнама кетет. Мындай көрүнүш мамлекеттик жана жеке менчик телеканалдардын баарында бар. Бизде буга мамчиновниктердин башы оорубаса, Испанияда 2010-жылдан тарта мамлекеттик телеканалдардын бардыгына тележарнама берүүгө тыюу салынган. Ошол эле кезде телеканалдардын чыгымдары уюлдук телефон компанияларынын жана жеке менчик акы төлөнүүчү каналдардын эсебинен жабылат.

Ал эми Россияда 2015-жылдан тарта тележарнамалардын үнүн катуулатканы үчүн бир нече телеканалдарга 100 миң рублден айып пул салынган. “Жарнамалар жөнүндө” мыйзамына жарнама үнүн катуулатпоо эрежеси киргенден тарта  Россиянын “ТНТ”, “СТС”, “ТВЦ”, “Звезда”, “Домашний”, “Ю”, “Матч ТВ”, “КХЛ”, “Новое кино” телеканалдары жана башка бир нече жергиликтүү каналдар сот жообуна тартылышкан. Бүгүнкү күндө Россияда телеканалдардагы тележарнамалардын үндөрүнүн катуулугу байма-бай текшерилип, мыйзам бузгандарга 100 миң рублден 500 миң рублге чейин айып пул салынып жатат. Кыргызстанда да ай-ааламды жаңырткан теле, радиожарнамаларга карата мыйзамды күчөтүп, айып пулду жогорулатуубуз керек. Себеби, азыр ар бир экинчи үйдө наристе, оорулуу же улгайган адам бар.

Сапатсыз жарнама сабак болбой жатат

Албетте, сапаттуу тележарнама жаратуу бул өзүнчө искусство. Андыктан аны иштеп чыгууга да өтө кылдат мамиле жасалары анык. Бирок, азырынча сапаттуу, ошол эле кезде көрөрман, угарманга жагымдуу маанай жарата турган жарнамаларды иштеп чыгуу жагынан кыргыз операторлору, режиссёрлору башка өлкөлөрдүн адистеринен ат чабым артта калышкан. Муну айтканым, азыр жергиликтүү мамлекеттик телеканалдарыбыздагы, Кыргызстандагы ретранслятор-каналдардагы тележарнамалардын көбү кайталанма жана супсак. Ошол себептен тележарнамалар башталганда көрүүчүлөр анын үнүн басат, ашканага басып кетет же дароо башка телеканалга өтө качышат. А жарнаманы буйрутма менен жасатып, аны эфирге чыгаруу үчүн олчойгон каражат жумшап жаткан компаниялар, бизнесмендер, товар өндүрүүчү ишканалар буга негедир көп маани беришпейт. Тагыраак айтканда, супсак, маанисиз тележарнамалар элди өзүнө тартпай, тескерисинче, иренжитип жатканын алар түшүнүшү керек.

Анын үстүнө тынымсыз жарнамаланган товардын, тамак-аштын, продукциянын сапаты, мейманкана, эс алуучу жайлардын тейлөө сапаты жарнамада сыпатталгандай укмуш эмес. Ошол эле курулуш тармагын ала турган болсок, учурда курулуш компанияларынын жарнамалары телеканалдардан тартып социалдык тармактарга чейин жайнап жүрөт. Бирок, курулган үйлөрдөн аз убакытта эле кемчиликтери аныкталып жатышы элдин жаңы курулуштарга болгон ишенимин жоготуп жатат. Демек, ар кандай өңүттөгү тележарнамаларды берүүдө телеканал кожоюндары да жоопкерчиликке тартылары “Жарнама жөнүндө” мыйзамга киргизилиши керек. Болбосо акыркы жылдарда канчалаган жарандар башты айланткан жарнамалардын кесепетинен алданып, жылдап чогулткан кирешелеринен кол жууп калып жатат. Бул талап учурдун талабы болуп турат.

Мелис СОВЕТ уулу,  “Кыргыз Туусу”

 

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар