Айрым жетекчилердин маянасын 70 миң сомго чейин түшүрүү белгиленди

Мамлекеттик ишканалардын жана компаниялардын жетекчилеринин айлык акысын 70 миң сомго чейин түшүрүү керек. Бул тууралуу вице-премьер министр Замирбек Аскаров  парламенттин «Республика-АтаЖурт» фракциясынын отурумунда

Анын айтымында, учурда мамлекеттик компаниялардын чыгашалары боюнча маселе өкмөттө каралып жатат.

— Айрым компаниялардын жетекчилери 300-500 миң сомдун тегерегинде айлык коюп алышкан. Биз бул сумманы 1000 долларга, б.а. 70 миң сомго чейин ылдыйлатууну карап жатабыз, — деди.

Ошондой эле вице-премьер министр Мамлекеттик ипотекалык компаниялардын акчаларын мамлекеттик карызы бар банктарга берүүнү өкмөт пландап жатканын белгиледи.

«Эмне үчүн биз жеке менчик банкттарды каржылашыбыз керек? Ипотекалык компаниялардын акчалары мамлекеттик банкттар аркылуу берилиши керек. Аларды колдоо үчүн биз акчаны 4 пайыздан эмес, 3 пайыздан беришибиз керек»? – дейт ал.