Талантбек Батыралиев мамлекетке зыян келтирди деп шектелүүдө

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Коррупцияга каршы кызматтын материалдарына ылайык, бөйрөктүн V стадиясындагы өнөкөт орулууларга медициналык жардам көрсөтүүдө «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын талаптарын бузуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Аталган факты боюнча аудит жүргүзүлүп, Эсеп палатасынын текшерүүсүнүн натыйжасында мамлекетке 107 млн. сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

7-февралда Талантбек Батыралиевге «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Пайдасыз келишим түзүү» беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Учурда тергөө уланып жатат.