Жазуучулар союзунун төрагасы болуп акын Нурлан Калыбеков шайланды

Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагалыгына акын Нурлан Калыбеков шайланды. Аталган кызматка шайлоо бүгүн, 8-февралда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду.

Буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматына кетти.

Төрагалык орунга үч талапкер көрсөтүлүп,  жазуучу жана журналист Кален Сыдыкова өз талапкерлигин алып койду. Натыйжада Тынчтыкбек Нурмамбетов менен Нурлан Калыбековго жашыруун добуш берүү болуп, Калыбеков утуп чыкты.

Белгилей кетсек, Нурлан Калыбеков Жаштар сыйлыгынын лауреаты.