Среда, 24 апреля, 2024
9.1 C
Бишкек

Глобалдык жылуулуктун Борбор Азияга таасири

Климатка карата өзгөрүлгөн кошуналык алака

Глобалдык жылуулук Борбор Азия чөлкөмүндө суу көйгөйүн мурдагыдан да тереңдетти. 80 млн. жакын калк жашаган регионго климаттын ысышы катуу таасир тийгизип эле жөн болбой, ал кайра жангыс процесске да айлануу-да. Эксперттердин билдиргенине караганда, 2040-жылы региондун айрым аймактарында сууга болгон таңкыстык 3 эсе өсөт. Бүгүнкү күндө суунун тартыштыгынан жана суу ресурстарын натыйжасыз колдонуудан регион жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык жоготууга учурап жатат. Ал эми жакынкы келечекте суу көйгөйүнөн улам  региондун ИДПсында 11 пайыз тартыштык жаралышы ыктымал. Кыргызстан Борбор Азиядагы суу ресурсунун 40 пайызын, Тажикстан 60 пайызын түзүп жатканы үчүн бул эки өлкө «суу мунарасы» деп аталышат. Ал эми башаты бизде болгон Нарын дарыясынын суусунан Өзбекстанга 50,5, Казакстанга 42, Тажикстанга 7 жана Кыргызстанга 0,5 пайызы бөлүнүп агып жатат.

Кыргызстан суунун башында туруп, бирок суу тартыштыгына туш болуусунун бир нече себеби бар. Анын бири – ирригациялык инфраструктуранын начардыгы. Бүткүл дүйнөлүк банктын (БДБ) маалыматына таянсак, өлкөдө суу түтүктөрүнүн эскилиги жеткен  жана суу колонкаларын орнотуу токтоп калган 600гө жакын айыл таза сууга муктаж. Андан тышкары, 300дөн ашык айылга эч качан таза суу тартылган эмес. Башкача айтканда, 7 млн. калктын 1 млн. ичүүчү суу менен камсыздала элек. Азыркы учурда калктын 40 пайызы арык, каналдар жана булак сууларын ташып колдонууга аргасыз.

Акыркы жылдардагы Кыргызстанда тез кайталанган  кургакчылык түшүмдүүлүктүн азайышына, андан улам айыл чарба өсүмдүктөрдүн баасынын жогорулашына да таасирин тийгизүүдө. БДБнын болжолдоосу боюнча, 2050-жылга карата Борбор Азия менен Чыгыш Европанын калкынын табигый шарты ыңгайлуу аймактарга жер которуусу көбөйүп, 5,1 млн. жакын “климаттык” мигранттар пайда болот. Анын ичинен 2,4 млн. калк Борбор Азиянын суу ресурсуна жетиштүү региондоруна көчүүсү болжолдонууда.

Өзөн суулары тартылып, көлдөр бөксөрүүдө

Убагында Ысык-Көлгө 110дөн ашык чоң жана майда суулар куюп турган. Бирок, акыркы 10 жылда алардын саны 30га чейин кыскарган. Экологдордун айтымында, сугат учурунда суу тартылып, суунун көбү кышкысын агып келет. УИАнын Тянь-Шань бийик тоолор илимий борборунун кызматкери Кымбат Осмонбаева: «Көл суусу кээде көбөйүп, кээ бир жылдары азайып турат. Бирок, Көлгө агып жаткан суулар ирригациялык багытка аёосуз алына берсе, 2050-жылга карата Көл 9-10 метр-ге кыскарып кетиши мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү Борбор Азия өлкөлөрүнө чоң таасир тийгизип, экономикалык жагдайы оор болуп жатат. Анткени, 70 жылдын ичинде Кыргызстандын мөңгүлөрү 16 пайызга азайды», – дейт.

Келишимдер эскирдиби?  

Борбор Азия жерди прикладдык изилдөө институту Кыргызстандын мөңгүлөрүнө иликтөө жүргүзгөндө Талас тоолорундагы мөңгүлөрдүн 50 пайызы эрип кеткени аныкталган. «Климат тез өзгөрүлүп жатат. Мисалы, 3 жылдын ичинде Ысык-Көлдүн суусу 43 см тайыздап кетти. Талас тоолору жапыз болгондуктан жыл өткөн сайын мөңгүлөрдүн көлөмү азайууда. Мындан ары мөңгүлөргө ишениш кыйын. Алдыдагы жылдары суунун запасы жамгырга жана карга байланыштуу болуп калуусун болжолдоп жатабыз», – дейт  аталган институттун илимий кызматкери, гляциолог жана эколог Рыскул Усубалиев.

Өткөн жылы Таластагы Киров суу сактагычында суу акыркы 30 жыл ичинде эң аз топтолуп, суунун катуу тартыштыгын пайда кылды. Мисалы, 2016-жылдын жай мезгилинде анда 500 млн. кубометр суу топтолгон, а 2 жыл мурда 100 млн. кубометр суу бар болчу. Ал эми өткөн жылы резервуардагы суунун көлөмү 10 эсеге кыскарып, 10-14 млн. кубометрге чейин түшүп кетти. Мунун кесепетинен Казакстандын 13 районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнө кедергисин тийгизди. Анткени, Киров суу сактагычындагы суунун 80 пайызы Казакстандын аймагына агып барат.

Тилекке каршы, Борбор Азия регионуна жеткен абанын глобалдык ысышынын кесепетинен жаралган бул тартыштыкты саясатка айлантуу аракети өкүнүчтүү болду. Эске сала кетсек, 30-августта “Ак-Тилек”, “Кең-Булуң” жана “Чоң-Капка” чек ара өткөрүү пункттарында Кыргызстандын машиналарынын узун кезеги пайда болгон.

– Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрү 90-жылдардагы түзүлгөн келишимдерди колдонуп жатышат. Андан бери дүйнө да, климат да өзгөрүп кетти. Ал эми азыркы күндө жаңы мыйзамдарды чогуу иштеп чыгып, келишимдерди кайра түзүүнү жолго коюу керек. Ал үчүн мамлекеттер Сырдарыя менен Амударыя агып өткөн чек ара сууларын пайдалануунун стратегиясын биргелешип иштеп чыгуулары тийиш. Бирок, аларда азырынча мындай жалпы платформа  болбой, ар бир өлкө өз кызыкчылыгын алдыга жылдыруу менен алектенип калышкан. Андан тышкары, Казакстан, Өзбекстан сугат сууларды пайдалануунун заманбап технологияларын жайылтууга өтүшкөн. Ал эми Кыргызстанда тамчылатып сугаруу технологиясы кеңири колдонулабай жатканы байкалууда, – дейт эксперттердин бири.

 ГЭСтерди куруу жалпыга пайда

Совет мезгилинде суу ресурстарын пайдалануу Москвадан башкарылып, Орто Азияда, анын ичинде Өзбекстанда пахта талааларын кеңейтүү башкы максат болгон. Анын кесепетинен Арал деңизи соолуп, андан учкан туздар кайра эле региондун тоолорундагы мөңгүлөрдү эритип жатат. Союз кулагандан бери региондун калкы да, жаңы өндүрүш кубаттуулугу да өсүп, андан электр энергиясынын тартыштыгы чыкты. Бул маселе түбөлүк кошуна өлкөлөр ортосунда саясий тирешүүлөрдү пайда кылды. Мисалы, өз учурунда Тажикстандын Рогун ГЭСин куруу аракетине Өзбекстандын мурдагы бийлиги каршы чыгып, «ГЭС курулуп бүткүчө 8 жыл бою биз сугат суусуз калууга тийиш эмеспиз», – деп билдирип, бул чыр кагылышууга алып барарын эскерткенге чейин жеткен.

Совет доорунда Сибирь сууларынын айрым бөлүгүн, айрыкча Обь дарыясын Борбор Азия аймагына буруу маселеси көтөрүлгөн.  Бирок, 1985-жылдагы союз-
дун бүткүл аймагында финансылык кризис башталган соң ал унутта калтырылган. Кыргызстандын бийлигинин Камбар-Ата – 1, Камбар-Ата – 2 ГЭСтерин куруу
аракетине кошуналар ондогон жылдардан бери ушундай эле тынчсыздануу мамилесин билдирип келе жатышкан. Тилекке жараша, эки-үч жылдан бери бул маселе өз ара алаканы жакшыртуу менен чечилүүгө бара жатат. Мындан тышкары, окумуштуулар айтып жаткандай, кошуналар мөңгүлөрдүн ыкчам эриши 2040-жылга карата Нарын дарыясын кыйла кыскартууга алып келерин, ага байланыштуу Кыргызстанда жаңы ГЭСтерди куруунун зарылдыгы чыкканын түшүнүүгө тийиш.

Кыргызстан 1990-жылы бир жылда 9 млрд. кВт саат электр энергиясын керектеп келген болсо, азыркы учурда 14 млрд. кВт саат энергияны сарптап калды. Кышкысын электр энергияны колдонуу көбөйгөндө, аны иштеп чыгуу үчүн көп өлчөмдөгү суу керек. Мисалы, суунун агып кириши 80-150 кубометр түзсө, агып чыгуусу 600 кубометрди түзүп жатат. Натыйжада кышкысын суу абдан азайып кетүүдө. Ушуга байланыштуу, кышкысын сууну үнөмдөө үчүн Токтогул ГЭСинде электр энергиясын өндүрүүнү азайтып, өлкө түндүгүнө жалпы кубаттуулугу 200 мегаваттка жете турган чакан ГЭСтерди куруу  зарыл. Муну менен башкы резервуарда өзүбүзгө жана кошуна өлкөлөр үчүн 1 млрд. кубометрге  жакын сууну чогултуп, сактап калууга болот. Андан тышкары, Камбар-Ата -1 ГЭСинин курулушун мамлекет өз колуна алды. Жогорку Кеңеш 14-февралда анын техникалык экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга БДБдан 5 млн. доллар кредит алуу (жарымы грант) келишимин колдоп берди.

Президент С.Жапаров “Кабар” маа-лымат агенттигине берген маегинде: “Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Эгерде ГЭС бүткөрүлсө, аны кыштын күнү электр энергиясын алуу үчүн иштетип, Токтогул ГЭСинен чогулган сууну сугат мезгилинде кошуналарга жеткиликтүү өлчөмдө берип турсак болот. Азыркы күндө биз кыштын күнү Токтогул ГЭСин электр энергиясын алуу үчүн иштетип, жайында жабууга туура келип жатат. Анан “Биз суу башында турабыз, суу бербейбиз” деген акылга сыйбаган иш. Бардыгыбыз бир тууган элбиз, түбөлүк кошунабыз, бири-бирибизге көп нерселерден көз карандыбыз. Эми анын баарын атап отурбайын, эл өзү жакшы билет”, -деп билдирген.

Быйыл да кургакчылык болору болжолдонууда 

Быйылкы кургакчылыкты жеңүү үчүн өлкөдө 600 км канал менен гидрокурулмалар ремонттолуп, тазаланат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Б.Төрөбаев өткөн жылы сокулуктук, аламүдүндүк дыйкандар туш болгон көйгөй өлкөдө кайталанса, облустардын, райондордун жетекчилерине катуу чара көрүлөрүн эскертти. Анткени, мамлекеттик чоң курулмалар гана эмес, ички чарбалык каналдар, арыктар да оңдолуп, таштандыларды чыгарууга “Элдик курулуш” салты менен жергиликтүү эл да тартылуусу тийиш. Жер-жерлердеги БСР, БДРларга суу толтуруу, 17 гидротехникалык курулманы ишке киргизүү, тамчылатып сугаруу ыкмасын кеңири жайылтуу боюнча тапшырма берилди. Андан тышкары, Баткен облусунда 1000 гектар жерди сугат суу менен камсыздоо үчүн насостук станциясы курулмакчы. Аймактарда эч кандай суу ресурсу жок жерлер бар. Алар үчүн 70ке жакын скважиналарды куруу, калыбына келтирүү  жана 70тен ашык БДР куруу каралууда.

Өткөн жылы мамлекеттен өлкөнүн ирригациялык иштерине 1 млрд. сом бөлүнгөн. Быйыл да ошондой эле каражат бөлүнөрү кабарланууда.

ХХI кылымда  мунай менен газга караганда суу дүйнөнүн стратегиялык ресурсуна айланарын БУУнун эксперттери эскертип келишет. Бүгүнкү күндө эле планетанын чөлдүү өлкөлөрүндө 1 тонна суунун баасы мунайдан 4-5 эсе кымбаттаган.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА,“Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар