Эртеңден тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар 7 эреже бузууну аныктай баштайт

Эртең, 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар 7 эреже бузууну аныктай баштайт.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 9-февралда «Коопсуз шаар» долбоорун ишке киргизүү даярдыгын текшерип, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

Тутумдун долбоорду ишке киргизүүгө даярдыгы менен таанышкан соң, Премьер-министр долбоорду баскычтуу ишке киргизүүнү тапшырды.

«12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айыппулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. – Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү жана масштабдуу долбоор, ал жолдордо коопсуздукту камсыздоодо бурулуш боло алат. Алдыдагы долбоорду ишке киргизүү – биздин узак жана көп күчтү талап кылган эмгегибиздин натыйжасы, биз анын бардык баскычтарынын ийгиликтүү ишке ашырылуусуна жетишүүгө тийишпиз».

Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» МИ аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Учурда камералар тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар Бишкек шаарынын 10 кесилишине орнотулган.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) бай ийбей өтүп кеткендерди;

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгууну;

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүргөндөрдү;

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду;

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузган айдоочуларды;

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды;

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды.

Эске сала кетсек, долбоорду «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы ишке ашырат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *