УКМК: Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракетенген чет элдиктер кайтарылды

Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракетин көргөн чет элдик жарандар кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 6-февралда УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэрапорт» көзөмөл текшерүү пунктунан эл аралык авиа каттамынан,КР жасалма электрондук визасын колдонуп, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары 1979-ж.т. Икене Анайо, жана 1997-ж.т. Карим Ахмед Оламилекан кармашкан.

Тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) боюнча текшерген учурда, аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталды.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар мамлекеттен келген жагына кайтарылды.

Азыркы учурда тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *