Өрттөн адамдарды куткарган милиция кызматкерлери сыйланды

Өрттөн адамдарды куткарып калганы үчүн милиция кызматкерлери сыйланышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен жарандык жана кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарышкандыгы, андан сырткары өрттөн адамдарды куткарып көрсөткөн эрдиктери үчүн Октябрь РИИБнын 3-4-шаардык милиция бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, милициянын лейтенанты Мурзабеков Мыктыбек менен милициянын кенже лейтенанты Ислам Абдурахмановдор “Кыргыз милициясына 90 жыл” юбилейлик медалы менен сыйлады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 27-январь күнү сыйланган милиция кызматкерлери 4-кичирайонунда жайгашкан № 33-үйдөгү өрттөнүп жаткан батирден балдарды жана чоңдорду куткарып чыгышкан.