Бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталып жаткан Бекболот Талгарбеков акталды

Бийликти күч менен басып алуу боюнча айыпталып жаткан Бекболот Талгарбеков Жогорку соттун чечими менен акталды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын 2019-жылдын 6-февралындагы токтому менен Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 2-августундагы жана Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 13-ноябрындагы өкүмдөрү өзгөртүлгөн.

КРнын Кылмыш кодексинин 27, 296-беренелерине (Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) ылайык тагылган айыптар боюнча Б. Талгарбековдун аракеттеринде кылмыш курамы жок болгондуктан ал акталган.

Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун КРнын Кылмыш кодексинин 299-беренеси (Улут (этностор аралык), расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмдөрү күчүндө калтырылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *