Москвада бороондон жабыркагандардын арасында эки кыргызстандык бар

Москвада жана Москва шаарында 29-майда болгон бороондон Кыргызстандын эки жараны ар кандай жаракаттарды алышкан.

РФ КРдагы элчилигинин маалыматы боюнча жапа чеккендердин арасында кыргыз жарандары 33 жаштагы Ж.А. жана 35 жаштагы А.Н. бар. Алар Н. Склифосовский атындагы шаардык ооруканага жеткирилген.

Ж.А. дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин үйүнө жиберилген, ал эми экинчи кыргызстандыктын абалы орто оор катары бааланууда.

Буга чейин элчилик Россиянын компетенттүү органдарынын маалыматы боюнча, каза болгондордун арасында КР жарандары жок экендигин билдирген.