Даат: сая кеткен саламаттык сактоо реформалары…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Кыргызстан эгемендик алгандан саламаттык сактоо тармагы үч чоң реформаны: “Манас” (1996-2005), “Манас таалими” (2006-2011, “Ден соолук” (2012-2016) программаларын башынан кечирди. Ушул улуттук деңгээлдеги программалардан эсте калганы эмнелер? Оболу реформа дегенде эле, чет элдик финансы уюмдарынан алынган кредиттер, гранттар жана ал программанын башында тургандардын чет өлкөлүк “саякаттары”, реформанын алкагындагы иштеген долбоорлордун каражатына алынган машиналар, долбоордо иштеген “реформаторлордун” чоң-чоң маяналары, “саламаттык сактоо тармагын кыйратып оңдоп  жатабыз реформа ийгиликтүү ишке ашып жатат” делип, швед столун жайып, кварталына бир өткөн семинарлар эске түшөт.

 А ошол реформалардан улуттук саламаттык сактоо тармагы утушка ээ болдубу? Бул өтө талаштуу маселе. Маселен, саламаттык сактоо тармагын реформалоонун он жылдык “Манас” улуттук программасы ашыкча инфратүзүмдү (оорукана имараттарын, аларга кеткен коммуналдык кызмат көрсөтүүнү, кызмат көрсөтүүлөрдү кайталоону) каржылоого кеткен чыгымды азайтуу, саламаттык сактоону каржылоо системасын өзгөртүү ж.б. милдеттерди алдына коюп, натыйжада айыл жергесиндеги ооруканалар жоюлуп, төрөтканалар жабылып, медициналык кызмат көрсөтүү борбордоштурулду, ооруканалардагы койка саны азайды. Өлкөнүн жарандарына медициналык-санитардык жардам берүүнү камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы кабыл алынып, саламаттык сактоо тармагын каржылоо мамлекеттин мойнунда кала берген менен, милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду ачылды. Анын жыйынтыгында “саламаттык сактоо тармагындагы реформалар өз максатына жетти, туура жолдо баратабыз” деген “ура-а-лар” оголе көп айтылды. Реформа кызылдай макталды. Арийне, бул улуттук деңгээлдеги реформалар ашөпкө кеткен жокпу, бөрк ал десе баш албадыбы, чейрек кылым аралыгында улуттун ден соолугун сактап калууда канчалык роль аткарды, дегеле реформа максатына жеттиби же жеткен жокпу деген суроону “реформаторлордун” бири да өзүнө берген жок. Долбоорлордон алган чоң маяналарына курсактарын кампайтып тим болушту.

Турмуш чындыгы саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тууралуу эмне дейт? Элет жерлерине барып калганда, саламаттык сактоо тармагындагы реформалардын “шаңы” менен айыл-айылдардагы төрөтканалар жоюлуп кетип, төрөтү келгендер кычыраган кышта, нөшөрлөгөн жамгырда күндүн кайсы убак экенине карабай, райондун борборлоруна барууга аргасыз экендиктерин, айрым учурларда жолдо төрөп койгон да фактылар кездешерин айтып жүрүшкөнүн угуп жүрөбүз. Төрөтканалардын борбордоштурулуп кеткендигинен ар кандай кейиштүү учурлар жок эмес. Мындан эки жыл мурда Көлдө төрөтү келип калган жаш энени алпараткан тез жардам авария болгону жашырын эмес. Элет жерлериндеги ооруканаларда койка кыскарганынан улам, бейтаптардын борбордоштурулган ооруканадан дарыланышы анын үй-бүлөсү үчүн кандай кыйынчылык жаратарын айтпасак да түшүнүктүү чыгар. Айтор, чалагайым ойлонулган реформалар жана алардын чалагайым аткарылышы, анан да башталган иштердин орто жолдо арсар калышы саламаттык сактоо тармагын оңогон жок, тескерисинче бутка чапты. Улуттук саламаттык сактоо тармагындагы кеткен кемчиликтер, каталыктар, жаңылыштыктар, чалагайым иштер ошол реформалардын натыйжасы, “жемиши”.

Ошол эле, милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондун алалы. Мунун убайын кимдер көрүп жатат? Бүтүндөй кыргызстандыктарбы? Албетте, жок. Чектелүү адамдар. Чектелүү адамдар дегенибиз, фонддо иштегендер эле май кармаган бармагын жалайт болуп, жок дегенде эле чыпалагын жалап жатышат. А карапайым адамдар милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу полисинин пайдасын да, зыянын да көргөн жок. Анын пайдасын көрөм деп, сөзсүз ооруш керекпи? Кокус ооруй турган болсоң, камсыздандыруу полисиң эч деле жардам бербейт, оорукананын эшигин ачкандан баштап төлөй баштайсың. Бутка бир жолу кийген бахилла эле 5 сом. Мурдуңа таккан маскаң да ошончо.

Минтип карапайым адамдар жука чөнтөгүндөгү 5 сомду эсептеп жатканда, Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо тармагында улам бир долбоор ачылган сайын бирден Жип алып, реформаны чындыкты айлантып эмес, “күндүк өмүрүң болсо, түштүгүңө жорго мин” деген макалды чындыкка айлантып жатат. Алыс барбай эле бир мисал айталы. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова парламент трибунасынан Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондуна кымбат баалуу автомашиналар сатылып алынгандыгын айтып чыгып, бул чуулгандуу ишке тиешеси бар саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев актанып бүтө албай жатат. Министрликтин ишин жакындан билген мекеменин басма сөз кызматынын баштагы кеңешчиси Елена Баялинова Facebookтагы баракчасына министрдин туура эмес чечими менен 2014-жылдан бери Кыргызстанда иштеп келаткан “Жыйынтыктардын негизинде саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо” долбоорунун жакшы атына доо кеткенин, ал жаңы жыл алдында бул машинаны райондук ооруканага берүүнү сунуштаганын жазып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы жол тандабас министр үчүн эмес, 2019-жылы долбоор аяктагандан кийин, саламаттык сактоо тармагына узак кызмат кылып, эң алыскы ҮБДБ жана ФАПтарга адистердин жетишин камсыз кылуу үчүн, келечегин ойлоп сатылып алынганын белгилесе, министр өзү “Жыйынтыктардын негизинде саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо” долбоорунун алкагында мыйзам чегинде сатылып алынгандыгын билдирди.

Болуптур, министрликтин мурдагы кызматкери Елена Баялинова таарынычтан улам, министрди “долбоордун жакшы атына доо кетирди” деп айыптап жатат дейли. Ошондо кимисине ишенебиз? Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кымбат баалуу жолтандабас “минип” жүрөт деген Аида Исмаиловагабы, же баары мыйзам чегинде деп актанган министр жана министрликтин басма сөз кызматынабы?

Барып-келип чуу 5,6 миллионго сатып алынган машинанын айланасында болуп жатат. Башка бир депутат СДПКчы Абдывахап Нурбаевдин айтымында автомобилдин баасы — 82 миң доллар экен. Ал: “Бул Бүтдүйнөлүк банктын акчасы. Санитарлар 2 миң, медайымдар 6 миң сом алат. Кымбат баалуу машина алууга министрдин кандай моралдык укугу бар?” деп суроо берип, саламаттык сактоо тармагы үчүн жаны ачып жатат. А чындыгында, бул тармак үчүн Жогорку Кеңеш эмес, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев күйүш керек эмес беле?

Андыктан бизде да саламаттык сактоо министрине жана министрликке бере турган суроолорубуз арбын. Акыркы кезде саламаттык сактоо тармагында “оптимизациялоо”, же тагыраагы чыгашаларды азайтуу деген уран астында медиктерди: терапевт, гинеколог, педиатр ж.б.ларды үй-бүлөлүк дарыгер кылганга окутуп жатат. Буга биз эмес, көп жылдык тажрыйбасы бар медиктер өздөрү каршы чыгып жатат. Штаттар кыскарганы, акча үчүн эмес, “дагы да саламаттык сактоо тармагынын ашмалтайын чыгарганы жатабы?” деген коога менен каршы чыгууда. Алар гинеколог толук кандуу педиатр болушу, же тескерисинче болушу мүмкүн эмес дешет.

Кайсы бир министрдин тушунда саламаттык сактоо тармагындагы реформалар тууралуу сөз болгондо оорулардын алдын алуу жана жарандардын ден соолугуна кам көрүү боюнча кызматтарды кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар тууралуу айтканы эсибизде турат. Оорунун алдын алуу, жарандардын ден соолугуна кам көрүү, элди тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, бул тармактагы коррупцияны жоюу маселесин саламаттык сактоо тармагындагы реформа дегендин өзү уят, бул министрликтин күнүмдүк иши, “күн сайын жеп жаткан наны” болууга тийиш.

Саламаттык сактоо тармагындагы “Манас” (1996-2005), “Манас таалими” (2006-2011, “Ден соолук” (2012-2016) улуттук реформаларында же ал реформалардын алкагындагы “Жыйынтыктардын негизинде саламаттык сактоо мекемелерин каржылоо” долбоору сыяктуу долбоорлордо маселе жок. Кеп ошол долбоорлордун аткарылышында, долбоорду жана анын “жакшы атын” жамынып, министрликке жана милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу фондуна жиптерди алып, чет өлкөлүк финансы уюмдарынан алынган кредиттик жана гранттык каражаттарды оңго-солго, максатсыз чачууда болуп жатат. Бул үчүн: реформаны ишке ашыруудагы жана долбоорду аткаруудагы катачылыктар, чалагайымдыктар тууралуу ким жооп берет? Эгер, министр жооп берсе, анда министр К.Чолпонбаев долбоордун каражатына долбоордун максаттуулугуна жана ага каралган каражаттардын негизсиз пайдаланылып жатканына доо кетирген коомдук маанай жараткан жолтандабас сатып алууга артыкчылык берип, тиешелүү кагаздарга кол коймок эмес.

Депутат Аида Исмаилова айткандай, саламаттык сактоо тармагынын телегейи тегиз эмес. Т.Батыралиевдин тушунда учурда республика боюнча оңдоого мүмкүн болбогон 11 объект авариялык абалда турганы айтылды эле. Алар оңолуп кеткен жок. Эгер, саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлордо каражат көп болсо, анда ал каражаттарды мына ошол иштерге максаттуу колдонуу керек болуп жүрбөсүн, жолдош Космосбек мырза. Жерге түшүңүз.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *