Мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды

Мал уурулук менен алектенип жүргөн кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу «Кыргыз Туусуна» ИИМдин басма сөз кызматынан маалймдашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын январь айынын башында Тоң районунун Доң-Талаа айылынын жанында жайгашкан сарайдан күндүзкү маалда 10 баш койду уурдап кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБи  Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренесинин 2-бөлүмү (Уурдоо) менен сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган. Мал уруулар бир нече күн өткөн соң, кайра башка айылдан майда мал жандыктарын уурдашкан.

2019-жылдын 20-январында милицияга Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жашоочусу кайрылып, арызында Комсомол айылынын жанынан болжол менен түн ичинде белгисиз адамдар тарабынан 30 баш кой уурдалгандыгын көрсөткөн. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөө башталган.

Тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Үч жарандан турган мал уурулардын тобу кармалган. Алар, 1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу жаран кылмыштуу топту уюштурган жана мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш жоопкерчилигине тартылган, 1991-жылы туулган Ж.А., 1992-жылы туулган Ж. уулу Т. аттуу жарандар классташтар болушат.

Кийинки жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалган жарандардын көрсөтмөсү менен 2019-жылдын февраль айында Чүй облусунун Токмок шаарында уурдалган малдардан көбү табылган. Жабырлануучуларга уурдалган 20 баш кой өткөрүлүп берилген. Божомолдонгондой эле, кылмышкерлердин арасында жергиликтүү аймакты жакшы билген мурда мал багуучу болуп иштеген жаран бар болгон. Болжолдуу маалымат боюнча кылмышкерлер түн ичинде уурдашып, жүк ташуучу унаага салып, коңшу облустун аймагына алып кетип, Токмок шаарында мал сатып алуучуларга сатып жүрүшкөн.

Кармалгандар учурда Ысык-Көл облусунун Тоң РИИБге жеткирилип, сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат. Аталган кылмышка тиешеси барлар аныкталууда.